Шашылыш кабар:

Аттокуров: Өкмөткө жаңыча ойлонгон министрлер керек

Аттокуров: Өкмөткө жаңыча ойлонгон министрлер керек
Күн Чабыт
0

Премьер-министр Сапар Исаков 2015-2017-жылдарга карата коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик стратегиянын аткарылышы тууралуу так эмес жана сапатсыз маалыматты бергендиги үчүн Юстиция министри Уран Ахметовго, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимовго, Мамлекеттик мүлктү башкару боюнча фонддун статс-катчысы Илияз Ташбаевге эскертүү берди.

Ошондой эле, мамлекеттик инвестиция долбоору боюнча жетишсиз иш аткарганы үчүн Финансы министри Адылбек Касымалиевге, Экономика министри Артем Новиковго, Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиевага жана Айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевге дагы ушундай чара колдонулду.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге катуу сөгүш, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевге сөгүш жарыяланды. Ал ортодо өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Нурханбек Момуналиев ишиндеги алешемдиктер үчүн кызматтан кетти. Биз бул теманын айланасында экономист Азамат Аттокуров менен маектештик.

Марал: Нурханбек Момуналиев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси кызматынан кетти. Анын арызын президент Сооронбай Жээнбеков 12-мартта кабыл алды. Ал арада премьер-министр бир катар министрлер менен мекеме башчыларына сөгүш, катуу сөгүш жарыялап, эскертүү берди. Өкмөттүн учурдагы абалын сиз кандай баалайсыз?

Азамат Аттокуров: Алгач бул кадам эмне себептен болду деген суроого жооп берсем. Президент Сооронбай Жээнбеков дагы премьер-министр Сапар Исаков дагы убакыт өткөн сайын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларына чара көрө баштайт. Мисалы ушундай эле сөгүш жарыялайт же кызматтан кетирет. Себеби Сапар Исаковго жаңыча ойлонгон, новатор министрлер менен жетекчилер керек. Ошондуктан мындай көрүнөштөр эми мындан ары дагы болуп турат.

Марал: Бирок айрымдар Сапар Исаковдун өкмөт мүчөлөрүнө көргөн чарасын өкмөткө жана өзүнө болгон сынды басаңдатуу аракети катары баалап жатышат. Бул сөздөрдүн канчалык жүйөсү бар?

Азамат Аттокуров: Өзүңөр билгендей Сапар Исаков «Таза коом» деген жаңы стратегия иштеп жатпайбы. Анын ишке ашышына мурдагы номенклатуралык жетекчилер же эскиче ойлонгон адамдар жол бербей, колунан келбей турат. Ошондуктан Сапар Исаковдун командасына жаштардын келишин күтөбүз. Мисалы ошол эле өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Эдуард Турдалиев деген жигит Казакстандагы Microsoftтун кеңсесин жетектеген адис. Исаков ушуга окшогон кызматкерлерди чакырат деп ишенебиз.

Марал: Сапар Исаков өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп жатканда ал «жаңы жаш кадрлар» менен келе жатканын айтып, өзүлөрүн «технократтар» деп атаган эле. Бирок учурда баштагы командасы жок да. Кайра эле мурдагы кадрларды алып жатпайбы.

Азамат Аттокуров: Мунун башкы себеби Кыргызстанда кадрлар жетишсиз. Сапар Исаков өзүнө жетиден ашык кеңешчи алды. Алар батыштан келген, жогорку билимдүү серепчилерди чогултту. Бирок ошол эле учурда ишти кыла билген адамдар аз болуп жатат. Азыр өкмөт жакшы кадрларга муктаж. Мамлекет жаш, жаңычы ойлонгон кадрларга абдан суусап турат. Ал эми «технократтар» ал убактылуу гана нерсе болчу.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache