Шашылыш кабар:

И.Масалиев: “Коопсуздук кеңеши координацияны күчөтүшү керек”

Март 12th, 2018 | by Канай Анаркулов
И.Масалиев: “Коопсуздук кеңеши координацияны күчөтүшү керек”
Күн чекит
0

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп Дамир Сагынбаев  дайындалды. Президент Сооронбай Жээнбеков жарлыкка кол коюп, андан кийин эле жаңы дайындалган катчыны кабыл алганын Президенттик аппарраттан кабарлашты. Анда Дамир  Сагынбаев Коопсуздук кеңешинин чечими 45 иш-чараны камтыганын жана алар учурда ишке ашырыла  баштаганын белгиледи. Жаңы жетекчи бул кызматты кандай алып кетет, белгиленген тапшырмаларды ишке ашырууга эрки жетеби? Мына ушул теманын алкагында Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин мүчөсү Исхак Масалиев менен маектештик.

Дамир  Сагынбаев укук коргоо органдарында тергөөчүлүктөн баштап, өкмөттүн, президенттик аппараттын коопсуздук жагында иштеп келгенин өмүр баянынан көрө алдык. Ал эми акыркы жалдары Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп келген. Сиз бул инсандын профессионалдык деңгээлине кандай баа бересиз?

Чынын айтсам бул адамды жакшы тааныбайт экем. Буга чейин укук коргоо органдарында, өзүңүз айткандай өкмөт, парезиденттик аппараттарда иштеп келгенин анын өмүр баянынан окудук. Эми Коопсуздук кеңешинин жетекчилигине келип жатат. Бирок бул милдет башкачараак. Коомдун, мамлекеттин коопсуздугун жакшы түшүнгөн ишмер керек. Эми бул президенттин тандоосу болуп жатат. Ал адам ишенет экен. Мен болсо азырынча жетишкендигин да, кемчилигин да айта албайм.

Бул кеңеш өлкөнүн укук коргоо, коопсуздук тармагын координациялаган орган эмеспи. Азыр президент менен биргеликте кеңеш алдыга көптөгөн пландарды коюп жатат. Эми ошол иштерди алып кете алабы?

Баш мыйзамга ылайык, Коопсуздук кеңешинин андай маселелерди чечкенге укугу жок болгондуктан, ал кеңештин мүчөсү катары президент баш болуп, өкмөт, бир топ депутаттар маселелерди көтөрүп, чече турган орган болуп турат. Ошондуктан бул кызматтын жетекчисин «жерди оодарат» дегенден алыс болушубуз керек. Анын милдети, ошол кеңешмедеги пикирлерди туура кабыл алып, болгон көйгөйлөрдү топтоп, сунуш бериши абзел. Анан аларды тиешелүү тарап ишке ашырат. Ал эми чындап эле сиз айткандай, координациялоо иштерин аткара алабы жокпу, аны убакыт көрсөтөт. Бирок, аткарууга милдеттүү.

Жаңы катчы мамлекеттик кызматкерлер, өзгөчө укук коргоо органдарынын жетекчилеринин кирешелери, алардын декларациялары жана системалуу коррупцияны жоюуга басым жасай турганын айтты. Муну ишке ашырууга саясий эрки жетеби?

Мен 17 жылдан бери саясатта жүрүп, ушул сөздөрдү дайыма угуп келем. Барып-барып жашоо өзгөрүп жатат. Чындап эле декларация жолу менен бир топ кемчиликтерди жойсо болот. Мамлекеттик кызматкерлердин тапкан акчасы менен чыгашасын салыштырып көргөндө, баары ачыкка чыгат. Ошондой мыйзамсыз тапкан акча деп чара колдонсок болот. Бирок биздин коом ага жете элек. Декларацияга жеттик, ал эми салыштырып эсептөөнү кыла албай жатабыз. Же Салык кызматы жетишпейт, болбосо мыйзам тоскоол болуп келет. Эми ушул жол менен гана кетиши керек. Башка айла жок.

Коопсуздук кеңеши бүгүнкү күндө кандай иштеп жатат? Жаңы жетекчи дагы кандай механизмдерди кабыл алып, өз ишине кошушу керек?

Биринчи кезекте укук коргоо, коопсуздук органдарын жакшы координациялап, бир багытта иш алып барышы керек. Азыр андай эмес. Бир орган экинчисинин ишин улантпай, бири-бирин аңдып турат. Же кылмыш ишин козгоп, кайра актап, болбосо соттор туура эмес тергелген ишти кызыкчылыкка жараша ишке ашырып койгон учурлар бар. Азыр мурункудай бирөөнү алып келип олтургузуп койгон жашоо эмес. Коомчулук карап турат. Ошондуктан, “Ишим кандай таасир берет, ал эмнеге алып барат жана жыйынтыгы кандай болот?” деген суроого жооп бере ала тургандай болуусу шарт.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache