Шашылыш кабар:

Президент адилетсиз соттор менен күрөшөт

Президент адилетсиз соттор менен күрөшөт
Саясат
0

Президент Сооронбай Жээнбеков сот адилетсиздигине кабылган жөнөкөй жарандар жана айыбы жок болсо да жылдап абакта жаткан карапайым адамдар боюнча маселени көтөрдү. Ал эгер сот бийлиги ушундай негизде ишин уланта берсе сот ишине кийлигишерин эскертти.

Президент ушуну менен сот системасы элдин мүдөөсүн аткарбаса соттордун ишине кийлигишүүгө аргасыз болоорун экинчи ирет айтты. Алгач Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында соттордун ишин сындап, ушундай эле таризде билдирүү жасаган. Бул жолу Массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери менен болгон жолугушууда президент Сооронбай Жээнбеков соттор боюнча элден түшкөн арыздарды өз көзөмөлүнө алганын айтып берди.

Сот, милиция, Прокуратура, УКМКга болгон арыздарды өзүмө алып кел деп эки саат убактым кетсе дагы, үйүмө алып кетип өзүм карап жатам. Эң орчундууларын алып туруп тапшырма коюп жатам. Ооба, сот бийлиги өзүнчө бийлик. Алардын чечимине киришкенге эч кимдин акысы жок. А бирок кээде мыйзам бузбай турган орган өзү мыйзам бузуп жатат. Мен эл шайлаган президент катары мен ага киришишим керек да. Мен ага кийлигишпесем мени Кудай дагы кечирбейт. Анын баарын көрүп туруп кантип чыдап отурам?

Өлкө башчы соттордун адилетсиз чечиминен улам Чоң-Алайда бир адам 9 ай камакта жатканын мисал кылып, мындай баш аламандыкка чекит коюу керектигин көтөрдү. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар сот укуктук маселелер боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Алтынай Өмүрбекова да президенттин сөзүн колдойт. Эл өкүлү президенттин сот бийлигине кантип таасир этиши мүмкүн экенин мындайча божомолдоду.

— Президенттин Конституциялык дагы, мыйзам чегинде дагы толук укугу бар. Анткени президент «ар бир ишти өзүм карап чыгам» деп айткан жок да. Элдер балким ушинтип түшүнүп калышы мүмкүн. Бирок сотторду президент дайындайт да. Ошондуктан ыплас иштер менен алек болгон же көп нааразычылык жаралган сотторду өлкө башчы өзүнүн жарлыгы менен жумуштан алып коюуга, жаңы шайланып жаткан судьяларды же башка инстанцияга которулуп жатса аларды дайындабай коюуга толук укугу бар.

Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө сот системасындагы акыйкатсыздык тууралуу жөнөкөй жарандар боюнча айтылып жатканын, «ал эми саясатчылардын соту ачык өтүүдө» деп, алардын адвокат жалдоого дагы мүмкүнчүлүгү бар экенин белгиледи. Деген менен депутат Исхак Масалиев учурда сот системасындагы коорупциядан дагы, саясий буйрукту аткарган сотторго нааразычылык күч экенин айтып, буларга токтолду.

— Сот системасына болгон сын күндөн-күнгө күчөп баратат. Ага байланыштуу президенттин бир гана укугу бар. Эгерде далилдүү кайрылуулар келсе өзүнүн аппаратындагы балдарга «баш тарткыла, аралашпагыла» деп айтыш керек. Ошондуктан сотторго тазараак адамдарды алып барыш керек. Мисалы азыр комиссиядан өтүп, президенттин колунда ал кол коё турган алты соттун аттары турат. Алардын көбү бийликтин буйруктарын аткарган судьялар. Бул жерде саясий коррупция бар. Эгер президент аларды бекитсе анда айткан сөздөрү жөн эле сөз бойдон калат.

Конституция боюнча президент сотторду бекитет, аларды чакыртып алууга дагы укугу бар. Талдоочулар андыктан соттордун ишине кийлигишүүгө президенттин мыйзамдуу механизмдери бар экенин айтышат. Жакында эле Жогорку соттун алдында сотторго каршы митинг өттү. Аны уюштуруучулардын бири, жарандык активист Мавлян Аскарбеков өлкө башчынын билдирүүсүн колдоп, эми президенттен кескин кадамдарды күтүүдө.

— Президент бул жерден эч жалтактабай кескин чараларды көрүш керек. Бул элдин мүдөөсү, талабы болуп жатканы баарына маалым. Президент эл тарабынан шайланган, колдоого алынып жатат. Эч нерседен тартынбай конституциялык укугунан пайдаланып эле коррупцияга баткан сотторду жок кылыш керек.

Маалымат боюнча акыркы он жылда сотторго каршы 97 кылмыш иши козголгон.  Алардын жарымы тергөө тарабынан кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Ал эми 46 кылмыш иши сот органдарына жөнөтүлүп, сот тарабынан 23 иш боюнча айыпталуучу кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. Соттордун үстүнөн козголгон кылмыш иштеринин 8 гана пайызы боюнча айыпталуучулар кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache