Шашылыш кабар:

Кыйноолордун алдын алууга арналган долбоор башталды

Март 12th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Кыйноолордун алдын алууга арналган долбоор башталды
Коом
0

Кыргызстанда укук коргоочулар жана жарандык коомдун өкүлдөрү «Сот жазык адилеттүүлүгүнө өзгөртүү киргизүү» тармагын түзүү долбоорун жарыялады. Тармакты түзүүнүн башкы максаты, кыйноолордун алдын алуу жана кадрдык дараметти өнүктүрүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүү болуп саналат. Анын алкагында өлкөнүн баардык аймактарында укук коргоочулардын борбору түзүлөт.


Кыргызстанда кыйноолордун саны соңку жылдары азайып жатканын тиешелүү мамлекеттик органдар белгилейт. Ал эми өлкө боюнча кыйноого кабылдым деп даттануучунун 96% милиция кызматкерлеринен запкы тарткандар. Мындан сырткары, абакта жазасын өтөп жаткан жарандарда кыйноого көп алынуусу аныкталган.

Эми Акыйкатчы институту, “Кылым шамы” укук коргоо уюму жана Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор биргелешип кыйноого жана ырайымсыз мамилеге дуушар болгондорго жардам берүү долбоорун баштады. Бул тууралуу аталган уюмдардын жетекчилери маалымат жыйында билдиришти. Алардын айтымында, соңку кездери кыйноонун ар кандай түрүнө кабылгандардын саны көбөйүп, адам чыдагыс учурлар да болууда. Муну азайтуу максатында коомчулукка 3 жыл бою долбоордун негизинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Долбоор ушул жылдын башында ишин баштады. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди.

-Долбоорду өкмөттүк эмес уюмдар түздү. Анын курамына юристтер, медицина тармагындагы эксперттер кирет. Кыргызстанда кыйноолордун алдын алуу иш- аракеттерин күчөтүүбүз керек. Учурда биздин борбордо 26 кызматкер иштейт. Алардын ичинен 20 киши кыйноолордун алын алуу жумуштарына катыша алат. Он эки адам 7 облустарда иш алып барат. Айрым облустарда бир эле киши кыйноолорду алдын алуу үчүн иштейт. Бул сан өтө аз. Дагы түзүлгөн долбоор заман талабына туура келет. Ошондуктан өлкөдөгү баардык юрист, укук коргоочу, дарыгер жана психологдорго ушул көйгөйгө көңүл бурууга чакырамын.

“Кылым шамы” борборунун жетекчиси Азиза Абдурасулованын билдирүүсүндө, долбоордун алкагында өлкөнүн бүт аймактарында жарандук коомдун тармагы түзүлөт. Аларга Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун эксперттери менен бирге жабык жайларга кирүүгө укук берилет.

-Бүгүнкү күндө кыйноого кабылган жарандарыбыз көп. Алардын укуктары корголбой эле калып жатат. Баткен менен Нарын облусунда бир дагы бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жок. Ошондуктан Акыйкатчы институтуна жана Кыйноолордун алдын алуу борборуна күч келип калат. Ар бир райондо оорукана, бала бакча, мектеп сыяктуу бир катар социалдык мекемелер бар. Ал жакта да балдар кыйноолорго кабылууда.

Ал эми Адвокаттар кеңешинин мүчөсү Чолпон Темирбаева долбоорго юридикалык жактан колдоо бериле турганын кабарлады. Анын айтымында, кыйноого кабылган жарандардын адвокаттарга кайрылуусу аз. Долбоордун негизинде Адвокатура өз ишмердүүлүгүн көрсөтөт.

-Бул долбоорду колдойбуз. Анын алкагында өзүбүзгө тиешелүү иштерди аткарууга аракет кылабыз.

Кыргызстан 1997-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясына кошулган. Ал эми төрт жыл мурда кыйноолордун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча атайын борбор ачылган. Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен парламент депутаттары иштеп чыккан мыйзамда Улуттук борборго кыйноо фактысы катталган бардык жерлерге, анын ичинде жабык жайларга күтүүсүз жана ыкчам барып, мониторинг жүргүзүү укугу берилген.

Бирок ага карабастан кыйноонун курмандыгы болгондордун саны азайбай жатканын укук коргоочулар айтып келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache