Шашылыш кабар:

У.Кочкоров: Парламентке жакшы команда менен келбесең оор болот

Март 11th, 2018 | by Нурайым Идирисова
У.Кочкоров: Парламентке жакшы команда менен келбесең оор болот
кечээ. бүгүн. эртең
0

Марал радиосунун “Кечээ.Бүгүн. Эртең” программасынын кезектеги коногу Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты,“Жаңы доор” саясий партиянын төрагасы Улукбек Кочкоров. Маекти Майраш Базлакунова алып барган.

-Саламатсызбы, кош келипсиз Улукбек мырза. Президенттик жарышка ат салышып, эл аралап активдүү иштедиңиз  эле. Эми азыр эмне менен алектенип жатасыз же эс алуудасызбы?

-Эс алуудамын. Бирок эс алуу дегенде күнүмдүк оокат менен үй-бүлө багуу милдети бар эмеспи. (күлүп) Мындан тышкары партиябыз бар, кийинки саясий иш- чараларга даярдык  көрүү боюнча иштеп жатабыз.

— Президенттик шайлоо процессинин жүрүшүнө анализ жүргүзүп көрдүңүзбү?  Ийгилик, кемчиликтериңизге баам салганга мүмкүнчүлүк болсо  керек?

-Албетте анализ кылып көрдүк. Шайлоого барып жатканда ар кандай пикирлер айтылган болчу, баарын талдадык. Чоң тажрыйба алдык. Жемишибиз эсен-аман тополоңсуз шайлообузду өткөрүп алдык. Кээ бир маселелер боюнча Шайлоо кандай өткөндүгү боюнча коом арасында ар кандай ой бар, албетте ыраазычык да болду.

Мен өз пикиримде шайлоодо ар кандай махинация болду. Шайлоо процессин жөнгө салуу  боюнча көп иш кылуу керек, муну албетте бийлик өзү жасаш керек. Эгерде Кыргызстандын өнүгүшүнө салым кошобуз десек, шайлоо сиситемасын толугу менен өзгөртүүбүз керек. Кыргызстанга жакшы уул — кыздарыбыз бар, аларды тартып, пикирлерин угушубуз  керек.

 -Сиз 21 жашыңызда мамлекеттик кызматка келген экенсиз. Ал эми кырктын  кырына чыгып калганда депутат болдунуз. Жетиштүү тажрыйба топтой  алдыңызбы?  

— Мыйзамда 21 жаштан парламентке келгенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн.  Мен ойлойм, өз убагында эле келдим деп эсептейм. Эгер мыкты саясатчы болом десең, албетте тажрыйба керек. 23-25 жаштагы балдар келип жатат, албетте арасында тың балдар бар, бирок бул учурда чон саясатты башкаруу кыйын.

— Мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө өзүңүз билесиз, колу- бутуң байлануу болот эмеспи. Парламентке келип, саясатта канчалык ачык боло алдыңыз ?

-Ачык эле болдум, өз позициям боюнча мен дайыма добушумду берип келем. Парламентте 2-3 эле адам каршы болгон болсо, ошолордун арасынан мен болчум. Өкмөттүн отчетун кабыл алып жатканда да өз позициямды айтып турдум. Көпчүлүк депутаттар өкмөт менен мамилесин бузгусу келбейт. Себеби бизнесиңди жүргүүзүүдө алар менен мамиледе болуусу маанилүү. Ошондой болсо да өз позициямды тике тартынбастан айтып келдим. Коопсуздук кеңешке материалдарды даярдап, ошол жерде биз ойлогондой кабыл алынбай калган учурлар болгон.  Мисалы Танаевдин үстүнөн да иш козгогонго жетишкенбиз. Ал жерде эл аралык келишимде зыян алып келе турган келишимге кол коюлган. Ушундай иштер башыбыздан өттү, ушундай учурда өкүнбөй калбайт экенсиң.

-Парламентке «Ата- Журт» саясий партиясы аркылуу келдиңиз, шайлоо бүткөн соң, кийин эле “ Жаңы доор” аталышындагы саясий партия түптөп кеттиңиз. Мунун түпкү себеби эмнде же кандайдыр бир саясий пикир келишпестиктер болдубу, же өзүңүз лидерлик чылбырга ээ болгуңуз келдиби?   

-Ар бир нерсе өз нугунда турбайт да, барган сайын процесстер өзгөрүп турат. Тарапташтар да сени менен аягына чейин тура албайт экен. Элдин арасында айтылып жүрөт го, эскилер эле кетсе болот эле деп. Албетте ар бир ишти башын баштоо кыйын болот. Өзгөчө кыргыздын саясатында финансы маселеси чоң мааниге ээ экен. Мен ойлогон жаштар, мекенчилдер келип чоң күч болуп кетебизби деп ойлодум эле, бирок жаштардын да өзүнүн көздөгөн максаттары болот экен. Маселен атасы Жогорку Кеңеште депутат болсо, баласы шаардык кеңеште депутат болуп жүрөт, ушуга ашыккандар болду.

Ата Журт» саясий партиясында Акаевдин, Бакиевдин учурунда бирге иштегендер,  санаалаштар болду. Сиз бул партияга кантип кирип калдыңыз, билимиңизди, курчтугуңузду, жаштыгыңызды пайдалангысы келгендер болдубу  же өзүңүздө аларга болгон симпатия  бар  беле?

-Эми сөздүн ачыгы 36 жашымда саясатта белгилүү жигит эмес элем, бирок акыркы учурда Марат Бакиев менен пикир келишпестик болуп, кызматтан четтеп бош жүргөн учурда Акматбек Келдибекович салык  кызматына келип иштеп бер деп калды. Анан ал түзүмгө  барып, бир жыл иштешип калдык. Ушул киши аркылуу партиядан сунуш болгон. Албетте мен дароо эле макул болуп келе калбадым, айылга туугандардан, жердештеримден сурамжылоо жүргүзүп, өзүмдү таразага салып, барып элдин пикирин билип, анан чечим кабыл алып, анан баргам. Кудайга шүгүр мага бөлүнүп берген шаар, райондон биз биринчи орунду алып жакшы добуш камсыз кылганбыз.

-Азыр саясатчылардын ичинен, кимиси менен саламыңыз түз, кээде бир дасторкондо отура албаган саясатчылар болот эмеспи. Сизде ушундай учурлар болобу?

-Касташкан саясатчым жок деп ойлойм, эгерде мен дарегине ачуу сөздөрдү айткан болсом,  элдин кызыкчылыгын көздөп гана айткан болом. Айтсам бетине айтам, ошондуктан жаман мамиледемин  деп ойлобойм. Ушул саясатчы менен отура аламбы деген маселе жок.

 -Сиз жакшы билесиз, мамлекеттик кызматка байлык топтоп же балдарынын  келечеги үчүн мүмкүнчүлүк түзүп коюуга барган чиновниктер арбын. Сизди да  ишкерчилик менен алектенээриңизди угуп калам. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп бизнеске  аралаштыңызбы?

-Мамлекеттик кызматтагы айлык маяна үй-бүлөнү камсыз кылууга жетпейт. Кыйынчылыкты ойлоп, келечекти ойлоп, келечекке фундамент курууга кошумча булактарды табууга аракет  кылып келгем. Өз убагында кечинде такси болуп иштеген күндөр да болгон, мамлекеттик кызматта отурган учурда дагы. Чыныгы саясатчы болом десең, сен бирөөнүн колун карабаш керек, эгерде ачык айтып жүрөм десең сөзсүз бирөөнүн көзүн карайсың.

-Азыр бийликтен кызматка чакыруу сунушу түшсө барат белеңиз?

-Эгерде мага сунуш келип, мамлекеттик кызматта керегим бар болсо, анда элим үчүн иштеп бермекмин. Көзүң жетип, бирок колуң жетпей турган учурлар болгондо албетте өкүнөсүң. Мен ушул кезге  чейин 7- 8 министр менен иштештим, бир да министр мен жөнүндө жаман пикир айткан жок. Жетекчи үчүн маанилүү туура маселе коюп, ошону талап кылуу керек. Кадр саясаты жок бизде, кызматка профессионал  жаштарды алып келүү керек. Акыркы 10 жыл ичинде мамлекеттик кызматка тааныш билиш болуп кызматка келип жатат.

— Буга чейин парламентте депутат элеңиз кийин Президенттик жарышка ат салыштыңыз. Эгерде кайрадан парламенттик  шайлоо болсо келүү максатыңыз барбы?

-Негизи парламентке команда менен келүү маанилүү да, жакшы команда болуп келбесең оор болот. Бирок бүгүнкү мындай шайлоо  системасы менен мындай адамдар келиши мүмкүн эмес. Жакшы парламент келүү үчүн идеологияны  жана мыйзамды оңдоо керек. Бүгүнкү парламенттин абалын көрүп туруп,  азыр парламентте болбогонума ыраазы элемин. Мен  парламентке да өзүбүзгө да көп сын айтып келем, эмне үчүн өкмөттүн туура эмес иштерине жетеленме болуп, ээрчип кете беребиз деп.

— Саясатта өзүңүздүн катачылыктан сабак алдыңызбы же башкалардыкынанбы?

-Эми өзүңдүн кетирген катачылыктан да, башкалардан да аласын. Негизгиси ошол кетирген катачылыктардан сабак алып аны кайталабаганга аракет кылуу. Ар бир кылган ишиңе анализ жүргүзүп, туурабы — туура эмеспи, экинчи жолу кайталабаганга аракет кылуу жакшы.

—  Парламенттегидей микрофонду сагынган учуруңуз болобу?  

— Албетте, коомдо болуп жаткан, ар кандай жагдайларда өз оюңду  айтпай кое албайсың. Чакырган жерге барып, ачык  өз оюмду айтып келе жатам.

-Маегиниз үчүн рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache