Шашылыш кабар:

Каптагаев: Ысык-Көлдүн милициясы жакшы иштейт

Каптагаев: Ысык-Көлдүн милициясы жакшы иштейт
Күн чекит
0

«Ачык саясат» гезитинин башкы редактору Назгүл Мамытова Ысык-Көл районун жергиликтүү кылмыштуу топтун мүчөлөрү ээлеп алганын айтып чыкты. Ал бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековго Массалык маалымат каражаттары менен болгон жолугушууда дагы маалымдады.

Биз ушул теманын айланасында Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев менен маектештик.

Марал: Ысык-Көлдө уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү ишкерлерге, жергиликтүү бийликке басым кылып жатканы дагы бир ирет көтөрүлдү. Сиз облусту башкарып турган учурда абал кандай эле?

Эмилбек Каптагаев: Негизи «дейт, дейт» дегендерди айта берсе ушак болот. Эгер статистикалык жана күч органдарынын маалыматтарына таянсак Ысык-Көл кылмыштуулуктун саны боюнча алдыңкы орунда эмес. Кылмыштуулук кооптуу жерлер бул Бишкек шаары менен Чүй облусу. Экинчиден «милиция унчукпай эле жүрөт. Кылмыштуу топтор каалаганын кылып жатат» деген чындыкка жатпаган сөз. «Кылмыш дүйнөсү баарынын үстүнөн басып алды» деген сөз таптакыр чындыкка коошпойт.

Мен иштеп турган кезде облустук милиция республика боюнча алдыңкы кызмат болчу. Азыр деле ошондой деп ойлойм. Эң оор киши өлтүрүү сындуу кылмыштар изи сууй электе табылып жатты да. Мындай көп эле аймактарда жок. Ага караганда Ысык-Көлдө милициянын иши абдан эле жакшы уюшулган.

Марал: «Облуста жергиликтүү бийлик менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү камыр-жумур болуп кеткен, керек болсо жергиликтүү кеңештерде партиялары дагы бар» деген сөздөр айтылып жүрөт. Анын үстүнө жыл башында  «Осьминог» ресторанынын өрттөлүшү жана ага уюшкан кылмыш топторунун тиешеси бар экени дагы бир топ күдүк ойлорду жаратты…

Эмилбек Каптагаев: «Барып коркутуптур. Өрттөп кетишиптир» деп жатышат. Бирок мындай окуялар бардык эле жерде болуп жатпайбы. Экинчиден «жергиликтүү бийлик кылмыш топтору менен камыр-жумур болуп кетти» деген натура сөз. Кылмыштуу топтор алар өзүнчө дүйнө. Алардын бийликке кийлигишип «мындай кыл, тигиндей кыл» дегенге акысы дагы жок. Эгерде ошондой кыймыл аракет башталса мыйзам деген бар. Кандай болгон күндө дагы мен Сооронбай Жээнбеков айткан сөздөрдү колдойм. Кылмыштуу топтор мамлекеттин тыкыр көзөмөлүндө болуш керек. Мындай талап туура жана коомчулук дагы аны көтөрүп чыкканга акысы бар.

Марал: Акыркы убактарда айрым уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурун абактан чыгып, кайра камалган окуялар болду. Бул ишке кимдердин кийлигишүүсүн көрүп жатасыз?

Эмилбек Каптагаев: Жакында эле болгон Коопсуздук кеңешинде президент «Соттор эң коррупцияланышкан орган болуп калды» деп айтпадыбы. Муну баарыбыз эле көрүп турабыз. Эч күнөөсү жок адамдарды баса калып соттоп жатышат. Ал эми күнөөсү барлар дардаңдап бат эле чыгып кетип жатат. Мунун баарын сот системасындагы, күч органдарындагы коррупция менен эле байланыштырыш керек. Сөзсүз акча алып анан кылмышкерлерди бошотпосо аларды эч ким чыгарбайт да.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache