Шашылыш кабар:

Тилди бат үйрөтөбүз деген курстардан абайлаш керек

Тилди бат үйрөтөбүз деген курстардан абайлаш керек
Ата-эне сааты
0

«Марал» радиосунун «Ата-эне сааты» программасынын бул жолку чыгарылышында англис тили мугалими Гүлсара Мадеминова менен балдарга чет тилди үйрөтүү тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Айзат Үсөнгул кызы алып барды.

Тил үйрөнүүдө тубаса жөндөмдүүлүккө караганда, эмгек маанилүү…

Ата-энелер балдарга чет тилден мурда эне тилин толук үйрөтүшү керек. Себеби эне тилин канчалык жакшы билген бала башка тилдерди ошончолук оңой үйрөнөт. Бир тил аркылуу экинчи тилди үйрөнүү жакшы. Айрым ата-энелер «менин балам тили чыкканда эле англисче сүйлөсүн» деп, көбүрөөк чет тилде сүйлөп, англисче тамгаларды үйрөтүшөт. Бул баланын табигый жөндөмдүүлүгүн пайдаланып калуу дегендей түшүнүк. Мындайда өспүрүмдөр чет тилди оңой үйрөнөт. Бирок андан соң эне тилин үйрөнүүдө кыйналат. Ата-энелер балдарынын тил үйрөнүүсүнө колдоо көрсөтүп, күн сайын көзөмөлдөсө жакшы жыйынтык берет. Тил үйрөнүүдө тубаса жөндөмдүүлүккө караганда, эмгек маанилүү.

Тил үйрөнүү мурда мода болсо, азыр замандын талабы…

Тил үйрөнүү мурда мода болсо, азыр замандын талабы болуп калды. Анткени Кыргызстанда туруп дүйнөнүн ар бир шаарында жашайбыз. Муну кантип түшүнсөк болот?  Мисалы, үстүбүздө кийип жүргөн кийимдер ар башка мамлекеттен келет. Алардын сапатын билиш үчүн ошол өлкөнүн тилин билишибиз зарыл. Демек, тилди үйрөнүү муктаждыгы жаралууда. Алсак, дүйнөлүк жаңылыктарды ыкчам окугубуз келсе, анда сөзсүз түрдө англис, орус тилин билүү шарт. Ооба, кабардын орусча же кыргызча котормосун окуп алсак да болот. Бирок маалымат булагында көрсөтүлгөн бойдон бурмаланбай которулдубу деген суроо туулат. Бир тилди үйрөнүп жатып аны толук өздөштүрбөй туруп, башка тилди окуунун пайдасы жок. Эки тилди бир убакта окууну каалагандар экөөнүн тең үстүнөн иштеши зарыл. Айтсак, бир ай орус тилине, кийинки айдан тарта корей тилин үйрөнөм дегендер убактысын бекер коротуп калышат.

1 айда күнүмдүк сөздөрдү үйрөнсө болот…

Бизде окуучулар, студенттер чет өлкөгө кетээрден бир ай мурда тил үйрөнүүгө киришет. Баарын эң акыркы мөөнөткө койгон бул жаман адат. Бир айда күнүмдүк муктаждыктар үчүн колдонулуучу сөздөрдү үйрөнсө болот. Бирок ал кыска убакытта билим ала турганчалык деңгээлде үйрөнүү чындыкка жакын эмес. Андыктан чет мамлекеттерге барып билим алууну самагандар бир-эки жыл мурда тил үйрөнүп башташы кажет. Онлайн сабактар аркылуу тил үйрөнүү адамдын жөндөмдүүлүгүнөн көз каранды. Айрымдар пикир алмашканда жакшы кабыл алышат. 1-3 айда тилди үйрөтүп, эркин сүйлөтүп коёбуз деген курстарды такташ керек. Алар күнүмдүк жашоодо колдонулчу сөздөрдүбү  же тилди толук үйрөтөбү? Минимум 3 миң сөздү билгенде гана бир тилде эркин баарлашууга болот. Эми эсептейли, 3 миң сөздү үч айга бөлүп карачу болсок, күн сайын 30 жаңы сөз жаттоого туура келет. Мындай мүмкүнчүлүк ар бир адамда болооруна кепилдик жок. Тил дары эмес, аны ичип койсо ошол тилде сүйлөп кеткидей.

Адам эне тилинде ойлонот…

Эки тилди билгендерди «билингвист» дейбиз. Кыргыздардын баары эки тилдүү болуп буттүк окшойт. Анткени мектепти бүткөндө орусча, кыргызча эркин сүйлөп калабыз. Бул албетте биз үчүн жеңиш. Кыргыз элинде тилдерди үйрөнүүгө мыкты жөндөм бар. Кайсы тилде болбосун туура, так сүйлөгөнүбүздү айтышат. Үй-бүлөдө кайсы тилде сүйлөсө, ойлонсо ошол тил баланын эне тили болуп калат. Биз Кыргызстанда жашагандыктан балдарга кыргыз тилин үйрөтүшүбүз зарыл. Аны билбеген бала кем болуп калат. Эгер ата-эне үйүндө орус же англис тилинде сүйлөсө анда балдарын кыргыз тилдүү мектепке бергени оң. Көп тил билүү — жетишкендик, бирок ошол эле учурда эне тилин билибеген бул – кемчилик.

Тил үйрөнүүнү оюнга айлантып алыш керек…

Мен тил үйрөтүүдө биринчи кезекте туура окуганды үйрөтөм. Балдар сөздүк менен иштөөдө кыйналышат. Аларга сөздүктү колдонуунун, сөздөрдү жаттоонун методикасын үйрөткөнүм менен окуучуларды такай көзөмөлдөй албайм. Окуучулар өз алдынча иштеп, өз алдынча билим алууда кыйналышат. Андыктан тил үйрөнүүнү оюнга айлантыш керек. Алсак, сөздөрдү ырдап жүрүп, кагазга жазып көз көрүнө жерге илип коюп, жактырган китептерди окуу менен жаттоого болот. Кайсы ыкма окуучуга жеңил жана кызыктуу болсо ошол жол менен сөз жаттаса болот. Анткени окуучулар бир түрдүүлүктөн тажап калат. Кыргыздар тилдерди бат өздөштүрүп, кыйналбай сүйлөгөн себеби ага биздин экономикалык абалыбыз да таасир берет. Анткени алдыга план коюп, алдардын ишке ашуусуна катуу аракет кылып, “мен муну кылбасам болбойт” деген түшүнүк менен катуу иштейбиз. Мотивация болбосо алдыга жылыш болбойт. Жашоонун өзү адамга шык берет. Экинчиден кыргыз тилинде өзгөчө акцент болбогондуктан ал тегиз. Ошондуктан тилибиз башка тилдерге оңой которулуп кетет. Мисалы, айрым тилдерде бир эле тамга эки башка айтылып, башка-башка маанини билдириши мүмкүн.

Талап коёрдон мурда шарт түзгөндү үйрөнөлү…

Кыргыз эли меймандос болгондуктан конокко ыңгайлуу шарт түзүүнү алгачкы орунга коёт. Ошондуктан чет өлкөдөн келгендердин тилин билбесек да алардын тилин өздөштүргөнү аракет кылабыз. Аларды мейман деп билип, көңүлүн ооруткубуз келбейт. Ошондуктан оруска орусча, түрккө түркчө сүйлөп, жооп берип коёбуз. Мындай көрүнүштөр кыргыз тилине көп зыянын тийгизбейт. Качан эки кыргыз бири-бири менен башка тилде сүйлөшсө анда маселе көйгөйлүү болот. Биз башка улуттун өкүлдөрү “эмне үчүн кыргыз тилин билбейт” деп шарт койгонду билебиз, бирок шарт түзүп бергенди капарга албайбыз. Тил курстарын уюштуруп койбостон өзүбүз да эне тилде сүйлөшүбүз кажет. Алсак, коомчулук орусча баарлашып жатса, ким кыргызча үйрөнгүсү келет? Ошону менен катар тилдин сулуулуган ачып берген мугалимдер жетишсиз.  Кыргыз тилинин сүйлөнбөй калган себеби биз дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты китептерди кыргызчага которуп жазбайбыз. Адам баласа ар дайым жаңылыкка умтулуп жашайт. Ал эми кыргыз тилдин чегинде жүргөн адам тилекке каршы, жаңылыктарга жетпей калып жатат. Ошондуктан чет тилин үйрөнүүгө муктаждык жаралууда. Байкасаңыз жаштардын көпчүлүгү интернеттен маалыматты орусча же англисче издеп, таап жатышат. Демек, замандын талабына жараша кыргызча интернет сайттарды, маалымат булактарын түзүшүбүз зарыл.

Тил үйрөнүүдө китептин мааниси зор…

Тил үйрөнүүдө биринчи кадам өзүңүз кызыккан тилди тандаңыз. Экинчиден, туура окуганды үйрөнүңүз. Андан соң күн сайын жок дегенде 15-20 мүнөт ошол тилде китеп окуңуз. Себеби китепте грамматыка, сөздөрдүн туура түзулүшү жана жаңы сөздөр бар. Демек, бир эле учурда көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк болот. Сөздүксүз тил үйрөнүү мүмкүн эмес, андыктан күн сайын жаңы сөздөрдү жаттаңыз. Үйрөнгөн тил колдонулбаса, ал бат унутулат. Андыктан маектешүү маанилүү. Ошол тилдин улуттарынын жашоосуна кызыгып, алардын маданиятын кошо үйрөнүүгө аракет кылыңыз. Бул сөздөрдү салыштырып жаттоого шарт түзөт. Тил үйрөнүүнүн белгилүү убактысы жок. Сиз кайсыл учурда өзүңүздү эркин сезсеңиз ошол мезгил эң ыңгайлуу. Айланаңыздагы нерселерди үйрөнүп жаткан тилде атап көнүңүз. Сөздөрдү дайыма кайталап жүрүңүз.

Тил үйрөнүүдө чөйрө абдан маанилүү. Айтсак, коллектив менен тил үйрөнүү жалгыз үйрөнүүгө караганда бир топ пайдалуу.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache