Шашылыш кабар:

Бишкекте велосипед жолу курулат

Март 9th, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Бишкекте велосипед жолу курулат
Ден соолук
0

Бишкек шаарын өнүктүрүү 2014-2018-программасынын ичинде эң негизги пункт катары велосипед жана жөө кишилерге жакшы шарт түзүү каралган. Бирок велосипед тебүүчүлөрдүн коому алар күткөн жолдордун курулушу азырынча жомок дешет. Анткени борбордо веложол эмес, кадимки жөө киши баскан тротуарлар мышык ыйлай турган абалда. Мындан улам велосипед тебүүчүлөр чоң жол менен жүрүүгө аргасыз болушат. Мындайда тилекке каршы, жол кырсыгына да себеп болгон учурлар жок эмес. Бишкекте велосипед тебүүгө ыңгайлуубу, жакында кайсы көчөлөрдө веложолдор курулушу мүмкүн?


Расмий маалымат боюнча Бишкекте күнүнө 500 миңдей автоунаа жүрөт. Алардан чыккан түтүн абаны булгап жаткандыгын экологдор айтып жүрүшөт. Ошондуктан өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй велосипед тээп, жөө жүрүүгө өтүүнү сунушташат.

Жөө жүргөн киши жол тыгын көп болгон шаарда убактысын үнөмдөп, абанын булганбашына да салым кошору айдан ачык. Велосипед сүйүүчүлөрдүн айтымында, мындай жашоо мүнөзү ден соолукка да пайдалуу. Бирок Бишкектин жолдору, тротуарлары ага жол бербей келет.

Велосипед менен жүрүү ден соолукка пайдалуу да. Бирок бизде жолдор ыңгайсыз. Ошондуктан дайым теппесем да, шаардын четине чыгып атайы тээп келем. Биздин жолдордо велосипед тепкенге ыңгайсыз. Чоң жолго чыксаң кооптуу.

Ал эми Арстан мырза тротуарларда велосипед тебүүгө ыңгайсыз болгонуна карабай аны менен жүрөт. Кээде чоң жолго чыгат. Андайда кишини коюп кетип же автоунаалардын терезелерин сындырып кеткен учурлар да болот.

-Жумушка да, жөнөкөй учурда да велосипед менен жүрөм. Тротуар менен жүрөм. Бирок жудөп кеткенде чоң жолго чыгасың. Айрым учурда кишини коюп же машинелердин терезесин сындырып кеткен учурлар болот.

Мындан улам Кыргызстандын велобирикмеси эки жыл мурда мэрияга долбоор сунуштаган. Долбоор жактырылып, техникалык көзөмөлдөн өткөнү менен каражаттын жоктугунан ара жолдо ишке ашпай калган. Коомдук бирикменин директору Искендер Алиевдин айтымында, веложолду куруу жол кырсыктарынын да, тыгындардын да азаюусуна жардам бермек. Бирок шаардык муниципалитет бул кадамдарга кызыктар эмес деп ойлойт.

-Биз бир канча жолу кат жибердик, жооп жок. Сурасаң “бизге тиешеси жок” деген жооп алабыз. Апрель айында жыйын болот. Ошондо ушул маселе боюнча мэрге суроо узатабыз.

Бишкек шаарын 2014-2018-жылдары өнүктүрүү программасынын эң негизги кадамдарынын ичинде да велосипед жолун куруу боюнча пландар жазылган. Бирок шаарды өнүктүрүү агенттигинин директору Айбек Чотонов веложолдун курулушу 5-10-жылда болот деп болжойт.

-Шаарда велосипед тепкендер көбөйүп жатат. Ошондуктан биз аларга шарт түзүшүбүз керек. Бирок бул план түрүндө гана. Качан ишке ашары белгисиз. Анткени ал үчүн каражат керек. Инфратүзүмдү кайра түзүү керек. Болжол менен 5-10-жылда ишке ашат го.

Бишкек шаарынын башкы архитектору Аскат Түлебердиев велосипед сүйүүчүлөрүнүн долбоору менен мэрия чогуу иштегендигин айтат. Буга чейин түштүк аймакта веложол курулганын белгилеп, быйылкы планда Тынчтык проспектисинде куруу пландалып жаткандыгын айтты.

-Учурда веложолду ишке ашыруу каражат талап кылат. Азыркы кезде план түрүндө гана. Мурда каражат бөлүнбөй калгандыктан долбоордун экинчи этабы ишке ашпай калган. Бирок быйыл Тынчтык проспектисинде веложол куруу пландаштырылып жатат.

Активисттердин айтымында, шаардын экологиясын сактап, жол тыгындарын азайтуу үчүн жол боюндагы бактарды кыюу менен жолду кеңейтүү керек эмес. Ал үчүн тротуарларды оңдоп, веложолдорду куруу зарыл. Антпесе коомдук транспорттон тажаган эл өзүнүн ыңгайлуулугу үчүн автоунаа айдап, аба булганып, шаар ичиндеги тыгындын көбөйүшү улана берет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache