Шашылыш кабар:

Оморов: Багбанчылыкты да бизнес катары караш керек

Оморов: Багбанчылыкты да бизнес катары караш керек
Кыска кабар
0

Кыргызстанда багбанчылык тармагында ар бир регионго жараша бренд иштеп чыкса болот. Багбанчылыкты да бизнес катары караш керек. Мындай пикирин «Азра» компаниясынын аткаруучу директору Миргазы Оморов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, багбанчылыкты өнүктүрүү менен жумуш орундарын түзүп, чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды өлкөгө кайтарууга болот. Ал үчүн ар бир аймак белгилүү мөмө-жемиштерди өндүрө алат. Алсак, Баткенде өрүк, Ошто гилас, Жалал-Абадда жаңгак, Ысык-Көл менен Чүйдө алмурут көчөттөрүн отургузууга болот.

«Органикалык таза мөмө алуу багбандан көз каранды. Көчөт алгачкы бир-эки жылда минералды топурактан алса, кийинчерээк топуракка да кошумча азык бериш керек. Көчөттөрдүн сортун туура тандоо маанилүү. Алсак бир гектарга 3 миң түп алма көчөтүн отургузууга болот. Ал 3-4 жылда түшүмүн берет. Демек багбанчылык кирешелүү тармак»,— дейт Оморов.

Ал мындан сырткары, жемиштерди өстүрүүдө Кыргызстандын климаты коңшу өлкөлөргө караганда жакшы болгондуктан, атаандаштыктан коркпош керектигин белгиледи.

Маалыматка ылайык, «Азра» компаниясы багбандарга көчөт сатуу менен гана чектелбестен, топурак менен сууга анализ жүргүзөт. Ошол эле учурда компаниянын адистери кардарларга кеңеш берип, окутуу иштерин да жүргүзүп келет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache