Шашылыш кабар:

Султаналиева: Элеттеги айымдар унутта калды

Султаналиева: Элеттеги айымдар унутта калды
Күн Чабыт
0

«Күн чабыт» программасында элет жериндеги аялдардын турмушу алардын көйгөйү менен жетишкендиктери тууралуу «Адам укуктары боюнча» кеңештин төрайымы Гүлжамал Султаналиева менен маектештик.

Марал: Гүлжамал айым адатта өлкөдө борбордогу аялдардын маселелери көп көтөрүлүп аймактардагы айымдар унутта калгандай таасир калтырат. Дегиле учурда элеттеги айымдардын кандай маселелери бар?

Гүлжамал Султаналиева: 8-март аялдардын Эл аралык майрамынын тарыхы тууралуу айтсак Клара Цепкин ошол кездеги аялдардын саясаттагы тең укутуулугу жана алардын жумуш убактысы менен ошого жараша төлөнчү айлык маяна боюнча маселени көтөрүп чыккан.

Эми Кыргызстандын жаңы тарыхына көңүл бура турган болсок элет жериндеги аялдардын саясатка аралашуусу өтө төмөн деңгээлде. Кээ бир жергиликтүү кеңештерде аялдар такыр эле жок да. Сиздер да «аялдар маселеси борбордо көп айтылат дагы айылдарда бул көтөрүлбөйт» деп жатасыңар. Себеби аймактарда чечим кабыл алына турган саясий аянтчада аялдар жок болсо алардын маселеси көтөрүлбөй калат.

Марал: Сиз аялдардын саясаттагы орду тууралуу айтып кеттиңиз. Эгер жөнөкөй турмушка кайтып келе турган болсок дегиле элеттеги аялдар азыр эмне менен алек? Алар коомдук иштерге аз да болсо аралашып жатабы же күнүмдүк тиричилик менен эле алпурушуп калдыбы?

Гүлжамал Султаналиева: Аймактарда толугу менен жумушсуздук. Дыйкан чарбаларды көбүнчө үйдүн кожоюндары болгон эркектер тейлейт. Юридикалык жактан дагы бардыгы аларга катталган. Салык, социалдык фондго төлөнгөн каражаттар да эркектерге жазылат. Алар кийин ошону менен пенсияга чыгат. Ал эми аялдар жумушсуз, ага кошумча кийин пенсиясыз дагы калышат. Айрым айылдарда аялдардын кеңеши деген бар. Бирок ал номиналдуу түрдө гана иштеп келет. Анда деле бир-эки активдүү аялдар иштейт, жалпы алып караганда айымдардын маселеси, көйгөйлөрү дээрлик көтөрүлбөйт.

Марал: Айылдарда өз демилгеси менен иштин көзүн таап кеткен айымдар дагы аз эмес. Көбүнчө кол өнөрчүлүк менен шугулданып, аларды чет жака чыгаргандар дагы бар. Аларга мамлекет тарабынан кандай көмөк керек?

Гүлжамал Султаналиева: Бул боюнча мамлекетте стратегиялык документтер дагы бар. Бирок аны ишке ашырууда аймактык деңгээлде эч кандай иштер жасалбай келет. Өкмөткө болсо облустардан бул иш жасалды, тигил иш кылынды деп отчеттор бериле берет.  Негизинен пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айрым аймактар дагы тандалып алынган. Анткен менен элеттеги аялдар үчүн эч нерсе кылына элек. Айылдар тууралуу маселе козголгондо айыл-чарбасы, дыйканчылык маселелери көтөрүлөт дагы, ал эми аймактардагы аялдар унутта калат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache