Шашылыш кабар:

Иманкулов: Жогорку кызмат адамдары катышкан коррупцияны жеңүү керек

Иманкулов: Жогорку кызмат адамдары катышкан коррупцияны жеңүү керек
Күн чекит
0

Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директорлугуна Сагынбек Исмаилов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Сагынбек Исмаилов эмгек жолун Фрунзе шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында ыкчам кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Ал 1991-жылдан тартып жетекчилик кызматтарда иштеген. 2003-2006-жылдары Баңгизатты көзөмөлдөө агенттигинин Түштүк башкармалыгын жетектеди. 2014-2015-жылдар аралыгында  ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы кызматын аркалаган. Жаңы жетекчинин дайындалышы АКСке эмне алып келет? «Күн чекит» программасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов айтып берди.

Коррупция менен күрөшүү кызматынын башына буга чейин  ички иштер органдарында иштеп келген жетекчи дайындалды. Бул кишинин келиши менен АКСте түздөн-түз өзгөрүү күтсөк болобу?

-АКСтин башына келип жаткан жигитти тааныбайм. Анткени ал ички иштер министрлигинде көп жыл иштептир. Эми ал киши коррупцияга каршы күрөш борборунун жетекчисинен тышкары УКМКнын биринчи орун басары болуп дайындалып жатат. Ошондуктан бул жерде жалаң гана коррупция менен күрөш эмес, ошонун ичинде биринчи орун басар катары, улуттук коопсуздукка тиешелүү башка маселелерге дагы кийлигишүүсү керек. Анткени бул орундун функциясына кирет. Ошондуктан УКМКда мурда иштебеген адамдар болсо кантип алып кетет деп мага таң калыштуу болуп жатат. Экинчиден АКСтин жетекчилери түзүлгөндөн бери армансыз эле алмашты. Бирок эч кандай өзгөрүү болгон жок. Андыктан бул жолу дагы олуттуу өзгөрүү болуп кетет дегенге ишеним деле жок.

Акыркы 3-4 күндөн бери УКМК тараптан бир канча мамлекеттик кызматтарга карата кылмыш иши козголду. Бул президенттин тапшырмасынын аткарылып жатканынан кабар береби?

-Бул мүмкүн президент сындагандан кийин иш көрсөтүп коелу деген иш-аракеттен чыгып калгандыр…Бирок коррупция менен күрөш биринчилерден болуп, миллиарддар уурдалган жерлерден башталышы керек эле. Мамлекеттин ири суммалары кайда кеткенин ийне жибине чейин таап чыгуулары зарыл болуп турат. Ал эми майда иштер жогоруда айтылган иштер менен катарлаш алып барылса жакшы болмок.  Эл дагы ошону күтүп отурат.

Мындай чоң иштердин бетип ачып, кылмыш иштерин козгоо үчүн АКС өз алдынча бөлүнүшү керекпи?

Ооба АКС президентке караган орган болуп түзүлгөнү жакшы. Эл аралык тажрыйбаларда Сингапур дагы коррупция менен күрөш жогорку кызмат адамдарына жүргөндөн кийин гана өнүккөн. Биз дагы жогорку кызмат адамдарынын катышуусундагы коррупция менен аесуз күрөш жүргүзүшүбүз керек. Ошондо гана сол чөнтөккө кеткен акчалардын агымы токтоп, мамлекеттик казынага келе баштайт. Ал үчүн коррупция менен күрөш жүргүзгөн орган эч кимден коркпошу керек. Эгер президентттин алдында болсо буга толук мүмкүнчүлүк болмок.

-Маегиңизге рахмат! 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache