Шашылыш кабар:

Кайненелер келиндеринин жылмайып жүрүшүн каалашат (Психологдон кеңеш)

Кайненелер келиндеринин жылмайып жүрүшүн каалашат (Психологдон кеңеш)
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Гүлзар Акматалиева угармандардын түйшөлткөн суроолоруна жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

Жылмаюнун кандай пайдалары бар?

Жылмаюу жаман нерселерди унутууга жардам берет. Ал кайгы-капанын караңгылыгын үмүт нуру менен жарытат. Аны менен адамдардын жүрөгүнө жол табууга болот. Тагыраак айтканда жабык эшиктер ачылат. Ошондуктан, ар бир жаран эртең менен ууртунда күлкү менен ойгонуп, жаңы жашоо бергенге шүгүр кылышы зарыл. Ишке жөнөп жатканда да жылмайып, кубанып коюнуз. Себеби нечендеген адамдар иш таба албай жүрөт. Башыңызга түшкөн кайгыларды да күлкү менен эскериңиз. Эгерде бир иш баштап, арекетиңиз текке кетсе да жылмая бериңиз. Анткени, сизге ошондой чоң ишке кол уруунун сыймыгы да жетиштүү. Мындан сырткары, эң жакын адамыңыз жүрөгүңүздү жараласа үшкүрүүнүн ордуна жылмаюу абзел.  Себеби, канчалаган  адамдар сиздин жараатыңызга шыпаа болууга даяр турушат.  Эсиңизде болсун, жашооңузду кандай өткөрүү сиздин колуңузда. Жашоо сиздин жылмаюуңузга эмес, сиздин жылмаюуңуз жашоого таасир этсин. Ийгиликтүү, интеллектуал мырзалар жылдыздуу жана жылмайып турган кыздарды жактырат. Сиз да такай жылмайып жүрүп бактыңызды табышыңыз мүмкүн.

ЖОЖду бүтүп турмушка чыгып эки балалуу болдум. Азыр бир балам ооруп, иштебей үйдө отурам.  Акыркы учурда кичине нерсеге да капалапып, ыйлап жатам. Кандай кеңештериңиз бар?

Сиз ушул сыяктуу суроолорго жооп издеп жатканда жакын адамдарыңыздын кеңешин уккандан алыс болуңуз. Анткени алар сизге кошулуп, сезимдерге алдырып туура эмес кеңештерин берип алышы мүмкүн. Муну менен биринчи топтогу жакын адамдардын айтканын такыр укпаш керек дегенден алыспыз. Андыктан суроо бергенде адисти туура тандоо да маанилүү. Ал пайдалуу чечим кабыл алууга түрткү болот. Ар бир адам өзөчө, кайталангыс. Адамдарда жаман сапаттардын болушу нормалдуу көрүнүш. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов сүйүү эмгек экенин айткан. Ал үчүн үй-бүлөдө жубайы да, жолдошу да ынтымакты сактап, балдары менен бактылуу жашоого умтулушу зарыл. Бардык нерсени идеалдуу жасайм деген айымдардын бул аракети айрым учурда бактылуу боло албай, өзүнө көп жүк артып алышына  себеп болот. Ошондуктан кээде жолдошуңузга муктаж болгонуңузду билдириңиз. Себеби мырзалар бирөөгө керек экенин билсе аларда шыктануу пайда болуп, аракети күчөйт. Мындан сырткары өзүңүзгө убакыт бөлүп, ырахат алган  нерсени жасаңыз. Мисал менен айтчу болсок, учактарда да куткаруучу масканы алгач ата-эне өзү тагып,  кийин гана балдарына тагат. Андыктан үй-бүлөнү, балдарды бактылуу кылам десеңиз алгач өзүңүдөн баштаңыз. Энергия ала турган  хоббилерди белгилеп алыңыз.  Балдар менен 45 мүнөт ойноп койсок, анын мээсинин оң жарым шарына зор салым болот. Айтсак, баланын кабыл алуусу жакшырып, өзүнө болгон ишеними жогорулашына салым кошот.

Акыркы убакта жолдошум менен такыр сүйлөшпөй калдык. Болбосо сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Кайненем жолдошумду менден кызганат. Эмне кылышым керек?

Кайненелер да бирөөнүн апасы болгонун, анын да жүрөгү бар назик, жакшы жан экенин эстеңиз.  Изилдөөлөрлүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, кайненелер балдарынын, келиндеринин жылмайып жүрүшүн каалашат. Кайненеңиз сизди жолдошуңуздан кызганып жатса да жылмаюу менен караңыз. Унутпаңыз ал дагы сиз кыяктуу айым. Күн сайын ал абалын сурап, көңүл буруп, мүмкүн болсо жакшы сын айтып туруңуз. Мисалы, бүгүн жоолугу күндөгүдөн жакшы жарашканын айтсаңыз, кубанып калат. Күндөгүдөн өзгөчө мамиледе болуп, таттууларды жасап берип, аны менен сейилдеп келгени аракет кылыңыз. Келин менен кайнене маселеси мырзылырды да кыжаалатка салат. Сиз жолдошуңузду мындай кыжаалатчылык сезиминен куткарсаңыз анын дагы да барктуу болосуз. Эч качан ачууланбаңыз. Анткени адам ачууланганда  беттин бир канча бөлүктөрүнө  зыян келет. Ачууланганда өзүңүздү токтотуп, сезимдерге алдырбай жай, жылуу сөз менен жылмайып туруңуз. Ошондо гана ынтымакта жашайсыз.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache