Шашылыш кабар:

Кумашова: Бухгалтер салык кызматына эмес, ишкана үчүн керек

Кумашова: Бухгалтер салык кызматына эмес, ишкана үчүн керек
бизнес клуб
0

“Марал” радиосунун “Бинес клуб” программасында Inner Finance аудиттик компаниясынын жетекчиси Чолпон Кумашова эсеп жүргүзүүдөгү негизги көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу кеңештерин берди. Уктурууну Руслан Акматбек алып барды.

— Бухгалтердик иш биринчи кезекте системадан, пландоодон башталат. Экинчиден кадрды туура тандаш керек. Эгер ишкердин билим деңгээли, убактысы жетиштүү болсо эсеп иштерин өзү жасаса болот.

— Жетекчи өзү жетектеген мекеменин иши жүрүшүп жатканына кызыгып, бухгалтер жумуштарды кандай аткарып жатканына көңүл бурбай калат. Деген менен бухгалтерия биринчи кезекте ишкерге керек, салык кызматы үчүн гана эмес.

— Жетекчи же ишкер өзү жетектеген мекеменин кирешеси менен чыгашаларын так караш керек. Каражат кайда коротулуп жатканы көзөмөлгө алынбаса бухгалтер социалдык фондго туура эмес отчет берип коюшу ыктымал.

— Бухгалтерлерди жумушка алууда адиске бир маселени чечүү жолдорун айтуусун сураңыз. Пикир алышып, берилген суроолорго так жооп берсе анда кесипкөй адис болуп саналат. Белгилей кетчү жагдай, жетекчилер маянасы аз бухгалтерлерди жумушка алууга кызыктар. Бирок эгер кызматкер арзан иштеп берем десе жетекчилер ойлонсун.

— Бухгалтердин ишине биринчи кезекте жетекчи жооп берет. Ошондуктан бардык жоопкерчилик ишкерге жүктөлөт. Андыктан мекеме директору мыйзамда кандай жеңилдиктер бар экенин, компания салыктын кайсыл түрлөрүн төлөөрүн билип, бухгалтердин үстүнөн көзөмөлдөп караш керек.

— Жетекчи эсеп иштерин толук түшүнбөсө да киреше, чыгашаны, карыздарды, салыктардын жалпы суммасын билиши зарыл. Бухгалтердик отчетту түшүнүүгө, ар бирин талдоого аракет кылсын.

— Бухгалтердик ыкмалар өзгөрүп турат, андыктан бухгалтерлерди окутуп, билимин жогорулатып туруу зарыл.

— Көпчүлүк ката жетекчиде болот. Себеби адисти ал тандайт. Бухгалтерге талаптарды коюп, жумуштун жыйынтыгын текшергенде өсүш болот.

— Биздин ишкерлерге финансылык сабаттуулук жетишсиз. Эгер жетекчиде бухгалтердик билим жок болсо, финансылык башкаруу тууралуу курстарга барышы зарыл. Анткени бухгалтердин отчеттун окуй албаса алданып калышы мүмкүн. Мындайда директор бухгалтерге көз каранды болуп калат.

— Жеке ишкер да аудит өткөрө алат. Аудитор чечилбей жаткан суроолорго мыйзамдын негизинде так оюн айтат. Аудитордук компаниянын өзү изилдеген ишканага салык кызматы сыяктуу атайын органдардан текшерүү келсе жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Ыктыярдуу аудитти жылына бир жолу өткөргөн жетиштүү.

— Эсепти жакшы кылбаган үй-бүлө бюджети пландалбайт. Негизи балдардын окуусуна, коммуналдык кызматтар сыяктуу туруктуу чыгашалар үчүн каражат бөлүп койгон оң.

— Мүмкүн болсо карыз албаган жакшы. Аны кайтарып берген учурда үй-бүлөдө каржылык тартыш болуп калат. Карыз алгандар аны кайсы киреше булагынын эсебинен кайтарып берээрин белгилеп койсун. Банкка караганда жеке жарандардан карыз алган оң. Себеби банктын документ иштери көп.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache