Шашылыш кабар:

Мурадилов: Терроризмге көбүнчө билимсиздик себеп

Мурадилов: Терроризмге көбүнчө билимсиздик себеп
Күн Чабыт
0

Сүрөттө Данияр Мурадилов ортодо

Бириккен Улуттар Уюмунун маңзаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын маалыматында Кыргызстанда терроризм жана экстремизмге айыпталып соттолгондордун саны 5,3 эсеге көбөйгөн. Ал эми жабык режимдеги абактарда отургандардын саны 3 эсеге өскөн.

Биз ушул теманын айланасында дин иштери боюнча талдоочу Данияр Мурадилов менен маектештик.

Марал: Өлкөдө терроризм менен экстремизмге шектелгендерин көбөйүшүнүн себебин сиз эмнеден көрүп жатасыз?

Данияр Мурадилов: Эң негизги себептери билимсиздик жана маалыматсыздык. Ал эми экстремизм же терроризмге айыпталып абакка түшкөндөр идеологиялык негизде эмес акча каражатына азгырылып, ушуга  байланыштуу темир тор артына түшүп жатат деп ойлойм. Соттолгондор 5,3 пайызга өстү деп жатабыз. Бул статистика дагы канчалык негиздүү, эмненин жыйынтыгында айтылып жатат так эмес.

Марал: Сиз туура эмес жолго түшкөндөрдүн көбү «билимсиздик менен маалыматсыздыктан» улам болуп жатат деген ойду айттыңыз. Кыргызстанда бул кемтикти толукташ үчүн жүруп жаткан иштерге кандай баа бересиз?

Данияр Мурадилов: Өлкөдө бул жаатта дин окутуу боюнча максаттар каралып жатат болуш керек. Маалымат боюнча быйыл анын 2-жылы бүтүп жатат. Кыргызстандын кайсы бир айылы же шаарларындагы бир канча мектептер алынып, дин маданияты, тарыхы программа киргизилип окутула башталган. Бул аяктаган соң эми республика боюнча жайылтылышы мүмкүн. Мен билгенден бул диний сабатсыздык менен маалыматсыздыкты жоюнун бир чарасы. Андан тышкары теология факультеттери бар, колледждер иштеп жатат.

Марал: 2017-жылы экстремизм жана терроризм боюнча 422 адам соттолсо, алардын 48 пайызы 31-45 жаш курагындагылар болгону кабарланды. Мындай карап көрсөк орто жаштагы адамдар экен да. Алардын азыгылып кетүүсүн эмнелер шарттап жатат?

Данияр Мурадилов: 1970-жылы туулгандар булар тарнзиттик муун болуп эсептелет. Бул советтер доорунан чыккан жалгыз бир муун. 70-жылдарга чейинки адамдардын баары эмес, көбү динден оолагыраак, атеизмдин таасири көбүрөөк адамдар болуп калды. Ал эми 1980-жылдары туулгандарда эгемендүү Кыргызстандын таасири көбүрөөк. Ага чейинки муун болсо ортодо калып калган.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache