Шашылыш кабар:

Турускулов: Инвесторлорго жакшы мамиле кылалы

Турускулов: Инвесторлорго жакшы мамиле кылалы
Күн Чабыт
0

Кыргызстанда кен иштетүүдө инвесторлор менен жергиликтүү эл эмнеге тил табыша албай жатат, ушул маселенин тегерегинде биз Жогорку Кеңештеги Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Жыргалбек Турускулов менен маектештик.

Марал: Макмал кениндеги учурдагы кырдаал бул өлкөдөгү бир гана мисал. Буга чейин дагы кендердин казылышына жергиликтүү эл каршы чыккан учурлар көп эле болгон. Сиздин пикириңизде инвесторлор менен жергиликтүү калк кендерди казууда жана иштетүүдө эмнеге орток пикир таба албай жатат?

Жыргалбек Турускулов: Эң негизгиси өкмөт инвесторго бардык шарттарды түзүп бериши керек. Аймактарда бийликтин өкүлдөрү губернатор, аким жана айыл өкмөт башчылары бар. Алар инвесторлор келгиче эле жергиликтүү калк менен сүйлөшүүлөрдү кылып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Андан кийин ишти баштаса болот. Буга инвестор кыйналып, башын дагы оорутпашы керек. Бизде болсо бул жаман өнөкөт болуп калды, инвестор келет ал жергиликтүү эл менен сүйлөшүш керек. Бул туура эмес деп эсептейм.

Марал: Кыргызстанда кен иштетүү тармагында иштеген фабрикалар, компаниялар экологиялык нормаларды бузуп, жаратылышка зыян алып келген фактылар четтен чыгат да. Айлана-чөйрөнү коргоодо, кендерди иштетип жаткан ишканаларга коюлган талаптар эмнеге аткарылбай жатат? Мамлекеттик көзөмөл жокпу же экологияга зыян алып келген иштер бармак-басты көз кысты менен эле жабылып калып жатабы?

Жыргалбек Турускулов: Инвестор келгенден кийин ал Кыргызстандын мыйзамы менен иштеп, техникалык бардык талаптарды, экологияны сакташ керек. Ушундай учурда гана ал иштесе болот. Инвестор менен өкмөттүн ортосунда келишим бар анда ишкана кен бар аймактын инфраструктурасына кандай салым кошот, кандай иштейт баары так жазылган да. Ошонун баарын элге тушүндүрүш керек. Эгер кен иштесе ага биздин балдар жумушка орношот, мынча акча түшөт, аны биз жол оңдоого же башка иштерге жумшайбыз деп. Маалыматты так берсек эле эл деле каршы болбойт деп ойлойм.

Эми экология, экология дейбиз. Инвестор деле экологияны сактайын дейт. Ал деле техникалык талаптарды бузбайт да. Анткени инвестор келгенден кийин фабрикага электр энергиясын тартыш керек, инфраструктурасын жакшыртыш керек, кыскасы көп акча салат. Анан баарын салып алгандан кийин эл иштетпейбиз деп кубалаганы туура эмес.

Марал: Эми бул жерде эл «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» дегендей болуп жатса керек…Буга чейинки окуяларды эске алганда.

Жыргалбек Турускулов: Туура, туура. Мен макулмун. Буга чейин чындыгында Кыргызстанга пайдасыз келишимдер түзүлүп калган окуялардан баштап жаман жагдайда келе жатабыз. Бирок башка багытты алып, оңолушубуз керек.

Марал: Президент Сооронбай Жээнбеков февралдын башында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Уланбек Рыскуловду кабыл алып, «кендерди иштетүүгө ачык конкурс жана аукцион өткөрүү жолу менен жер-жерлерде социалдык нааразычылыкты жокко чыгарууга болот» деген эле. Экологиядан тышкары ушул маселе дагы элдин нааразычылыгын жараткан жокпу?

Жыргалбек Турускулов: Тендер болобу, конкурс болобу баары ачык-айкын өтүшү керек. Анткени биздин кен байлыктарды тажрыйбасы бар инвесторлор иштетиши керек. Кыргызстанда канча деген кендер бар. Аларды азыр иштетип, Кыргызстандын экономикасын өнүктүрбөсөк анан качан пайдаланабыз? Инвестор келсе эле «каршыбыз, каршыбыз» деген ойдон алысташыбыз керек.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache