Шашылыш кабар:

К.Осмонов: “Эл шайлаган бийлик элдин үнүн угуш керек”

Март 5th, 2018 | by Канай Анаркулов
К.Осмонов: “Эл шайлаган бийлик элдин үнүн угуш керек”
Күн чекит
0

Бишкекте 5-март соттордун кесиптик майрамында судьяларга каршы митинг өттү. Жарандык коом Жогорку соттогу бош турган судьялык орундарга көрсөтүлүп жаткан соттор «таза эмес экенин, алар саясий буйруктарды аткарат» деп айыптады. Нааразычылык акциясынын катышуучулары президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку соттун төрайымын, Башкы прокурорду, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Активисттер «соттордун адилетсиздигине каршы митингдер муну менен эле токтоп калбайт» деп, апрель айында жалпы республика боюнча көчөгө чыгаарын айтып жатышат. Мына ушул теманын алкагында, Жогорку соттун мурунку төрагасы Курманбек Осмонов менен маектештик.

Митингге чыккандардын үнү прездентке жетиши мүмкүнбү? Бул кайрылуудан маянап чыгабы?

Элдин үнү Президентке, Парламентке, Өкмөткө, Жогорку сотко жетиши керек. Жеткенде да элге реакция кылып, жооп болушу абзел. Мындан бир тыянак чыгышы керек.

Негизи мындай терс пикирлер буга чейин да айтылып келчү эмес беле. Анан бул мастшабдуу нааразычылыктардын аркасында саясат болуп, бирөөлөрдүн кызыкчылыгы турган жокпу?

Эми азыр коомдо болуп жаткан көрүнүштөрдө саясий өңүт да, жарандык позициядан караганда чындап эле нааразычылыкты туудурган көрүнүштөр да бар. Эл ичинде “Калк айтса, калп айтпайт” деген жакшы сөз бар эмеспи. Ошон үчүн коомчулуктун үнүн, алардын талабын бардык бийликтин бутактары эске алышы керек.

Соттор темасы ачылганда, ал жердеги Сотторду тандоо кеңеши да коррупцияга малынган деген сындар айтылып келет.  Ал жактын өзүнө да реформа керекпи?

Мен бул тууралуу башынан эле, депутат кезимде да көп жолу пикиримди айтып келе жатам.  2010-жылдагы Конституцияга соттор өзүн өзү башкаруу органдарынын бири катары кирип калган. Буга чейин сотторду профессионал соттор тандачу эле.  Азыр сотторду тандоо кеңешинде үчтөн бири гана профессионал соттор. Алардын да турмуш тажрыйбалары төмөнүрөөк. Калгандары болсо жарандык коомдун жана парламенттин өкүлдөрү. Менин көз карашымда, мурункудай системаны кайра алып келүү зарыл.

Президент өз куттуктоосунда айткандай, эл күткөндөй, адилеттүү сотторду иш жүзүндө эмнеге көрө албай келебиз? Канткенде судьяларга эл ишенип, сот адилеттүүлүгү өкүм сүрөт. Буга эмне жетишпей жатат?

Эң биринчи кадр маселеси. Азыр кайсыл ишке ким аркылуу дайындалсаң, ошолорго көз каранды болору турган иш. Мунун аркасында эмне жатат жана аны кандай чечиш керектигин  билесиздер. Ал эми судьялардын өзүнө келсек, адамдык абийир, намыс болушу керек.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache