Шашылыш кабар:

«Полиция болсок доллар менен пара алабыз» дешти (Элдик пикир)

«Полиция болсок доллар менен пара алабыз» дешти (Элдик пикир)
Талаш талкуу
0

Премьер-министр Сапар Исаков Бишкекте өткөн коопсуздук жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча жыйында милицияны полиция кылып өзгөртүү маселеси каралып жатканын жарыялаган. Анда өкмөт башчы Ички иштер министрлиги менен бирге милицияны полицияга өзгөртүү жолдору караштырылып жатканын жана тиешелүү тапшырмалар берилип, полиция иштеп жаткан өлкөлөрдүн тажрыйбасы иликтенип чыгаарын айткан.

“Марал” радиосунун “Талаш талкуу” программасында “Милиция кызматын полицияга өзгөртүү керекпи?” деген суроонун алкагында угармандардын пикирин угуп көрдүк. Берүүнү Түмөнбай Абдинаби уулу алып барды.

Байланышка чыккан угармандардын 84% милицияны полиция кылып өзгөртүүгө каршы. Алардын көпчүлүгү мындай кадамдар эч кандай жыйынтык бербей турганын, болгону документерди жаңылоого каражат кетээрин белгилешет. Ошондой эле, социалдык тармактарда жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкан 137 жарандын 66% өкмөт башчынын пикирин колдобой турганын жазышкан.

Ал эми 4 угарман премьер-министрдин демилгесин колдойт. Алар кызматтын аты менен кошо сапаты да өзгөрөт деген оюн билдиришти.

Мурат:

— Өзгөртүүнүн кереги жок. Ал үчүн биринчи кезекте кызматкерлердин аң-сезимди өзгөртүш керек. «Керек» сөзүнүн ордуна «кантип» иш алып барыш керектигин ойлошсо. Эгер кызматкерлердин атын өзгөртсө көп каражат кетет.

Болот:

— Мен милицияны полицияга өзгөртүүнү колдойм. Өзүм да ошол органда иштейм. Бийликтин шалаакылыгынан эл милицияны шылдыңдап жатат. Элге жардам берүү деген нерсе жок. Кызматтын атын өзгөртсө милициялардын аң-сезими кошо өзгөрөт. Милиция деле эл да.

Улан:

— Атын өзгөрткөн менен затын өзгөртүшпөсө, кереги жок.

Рысбек:

— Каражат жокто кайра-кайра өзгөртүп, милдеттерди алмаштыруунун кереги жок. Эгер милицияны өзгөртсөк документ иштерине көп каражат кетет. Элди какшатпай башка көйгөйлөрдүн үстүндө иштешсин.

Улан:

— Атын өзгөрткөн эч кандай жыйынтык бербейт. Акчадан башка эч нерсе кетпейт. Сапар Исаков андан көрө заводдорду курсун. Болбосо канчалаган мигранттар сыртта жүрөт.

Макен:

— Бала бакча маселелери сыяктуу толгон токой көйгөйлөр бар. Азыр эмес, миграция жана башка маселелерди чечип бүткөн соң алмаштырсын.

Садык:

— Мен каршымын. Ортодон кызматкерлерге дагы жаңы форма тигилет. Каражат гана кетет деп айтуудан башка ой жок.

Жыргал:

— Андан көрө элге жардам берсин. Элдин курсагы ток болбосо кол салуу, кылмыш иштери боло берет.

Аман:

— Мен бул кызматта иштегем. Андыктан ишенимдүү айта алам, кызматтын атын өзгөртүү менен анын сапаты да жакшырат. Бир эле милициялар эмес, Ички иштер министрлигинин ичинде да өзгөрүүлөр болот. Мен өкмөт башчыны колдойм. Ал ири реформа кылайын деп турат. Демилгеси ишке ашса кызматка жаңы адамдар келет. Тааныштарын жумушка алуу деген көрүнүштөр  азаят.

Кожо:

— Жүрөк менен мээ тазаланмайынча атын өзгөртүүдөн майнап чыкпайт. Андыктан мен каршымын.

Угарман:

— «Полиция» дебей «тартип сакчысы» деп өзгөртөлү. Иштей турган жол-жоболорду жазышсын.

— Макулбуз. Бизге ушундай реформалар керек. Элдин ишенимин арттырууда айрым нерселерди өзгөртүүгө туура келет.

Мамат:

— Милициянын атын алмаштырган менен өзгөрүү болбойт деген коркунучтар бар. Иштип сапатын талкуулаган соң  өзгөртсө болот. Азыр дароо которуунун кереги жок. Кошумча чыгым болуп жатат. Азыр эне тилди өнүктүрүү максатында документтер кыргыз тилине өтүп жатат. Андыктан «сакчы» деген сыяктуу кыргызча сөзгө алмаштырса болот.

Бакыт:

— Мени унаа айдап бара жатып телефондо сүйлөшкөнүм үчүн милиция кызматкерлери токтотушту. «Эми атыңар өзгөрсө кандай иштейсиңер?» десем, алар «мурда сом алсак, эми доллар ала баштайбыз» деп менден айып пул алып калды. Жеке оюмда булардын атын алмаштырсак кызматынын сапаты өзгөрбөйт.

Коопсуздук боюнча эксперт Токон Мамытов:

— Замандын талабына жооп берген туура эле маселе козголуп жатат. Себеби милиция термини СССР убагында коммунизм куруп жатканда кабыл алынган. Милиция куралчан достор деп которулат. Бирок биздин милициялар андай эмес, алар атайын тартип сакчылары. Алар мыйзамдын негизинде чектелип иштеп жатат. Ошондуктан полиция дегени эле туура. Эл премьер-министрдин демилгесинин экиничи тарабына көңүл бурбай жатат. Ал кызматкерлердин аты менен кошо алардын атын да өзгөртүш керектигин айтты. Жарандарда милицияга болгон ишеним пайда болушу зарыл. Полиция болуп өзгөрсө заты өзгөрөт.

Тагыраак айтканда, президент белгелегендей, коррупциядан арылып, уюушулган кылмыштуу топтор менен байланыштарын үзүшөт. Өздөрүн эмес, элдин коопсуздугун ойлошот. Алар жарандар үчүн кызмат кылып, коопсуздук маселесин түп тамырынан бери өзгөртөт. Айрым жерлерде милиция деген жазууну полиция сөзүнө алмаштырууга, мөөрлөрдү жаңылоого каражат кетет. Бирок мунун баары бир күндө жасалчу иш эмес.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, балким бир-эки жылда өзгөрөт. Бул иштер бир нече баскычтар менен жасалат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache