Шашылыш кабар:

Мирзиеев чиновниктердин тойго баруусуна тыюу салды

Мирзиеев чиновниктердин тойго баруусуна тыюу салды
Дүйнө кабарлары
0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев чиновниктердин тойго баруусуна тыюу салды. Бул тууралуу «UzNews»  басылмасы жазды.  Учурда социалдык тармактарда Мирзиеевдин мамлекеттик кызматкерлердин  тойго барганын сындаган аудиосу тарап жатат.

Анда президент төмөнкүдөй сөздөрдү айткан. «Премьер-министрге, акимдерге жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрдүн үйлөнүү тойго баруусуна тыюу салам. Чиновниктердин унаасын чайхана алдында көрсөм, ээлеген кызматынан бошотулат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мурунку кез өттү. Тойлор чиновниктерсиз өтсүн. Өкмөт башчы баш болуп ордунардан туруп, 20 кг эт, сыр боек алып муктаждардын үйүнө баргыла!»- деген.

Буга кошумча тойлорду өткөрүү тартиби боюнча жакын арада Сенат Олий Мажлиси тараптан атайын токтом даярдалып бекитилет. Анда тойго чакырылган коноктон тарта, төлөмдөр, кошумчалар дагы каралып тескелмекчи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache