Шашылыш кабар:

Акча алмаштыруудан алдангандар арызданбайт

Февраль 26th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Акча алмаштыруудан алдангандар арызданбайт
Эколикбез
0

«Эколикбез» программасынын бул жолку чыгарылышында акча алмаштыруу жайларында жарандар көңүл бурушу керек  болгон негизги жагдайлар тууралуу  Eлуттук банктын  инспектирлөө башкармалыгынын башкы инспектору Тынчтыкбек Теңизбаев айтып берди.

Акча алмаштыруу жайларына берилген лицензия процедуралары жеңилдетилди

Бүгүнкү күндө  Кыргызстанда 400 акча алмыштыруу жайлары толук каттоодон өтүп иш алып барат. Алардын тизмеси Улуттук банктын расмий сатына жүктөлгөн. Акча алмаштыруучу жайлар боюнча  акыркы үч жылдагы тизмени карап салыштырсак, жыл сайын лицензия алып иштеген акча алмаштыруучу жайлардын саны көбөйүүдө. Анткени Улуттук банк каттоосуз иштеп жаткан акча алмаштыруу бюролорду  ачыкка чыгарып, мыйзам чегинде иштөөсүнө көп иш аракеттерди жүргүздү.  Айтып кетсек, берип жаткан уруксат документтердин топтомунун санын азайтып,  административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү менен айып пулдун көлөмү жогорулатылды. Мисалы  бүгүн Улуттук банк акча алмаштыруучулар уюму менен биргеликте нормативдик талаптарды кайрадан карап чыгып,  лицензияны алуу процедураларына жеңилдиктер берилип жатат.  Ишмердик жүргүзүүгө баштапкы капитал бир миллион сом болсо, азыр 500 миң сомго түшүрүлдү.

Бүгүнкү күнү  валютаны бир гана акча алмаштыруу жайлары эмес, коммерциялык банктар дагы алмаштырып банктык операцияларды жүргүзөт.  Ошондуктан бул жерде ар бир жаран өз өзү тандоо жасашы керек. Учурда Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайлар туруктуу орун алды десек болот. Алар чакан болгондуктан Республиканын көпчүлүк аймактарында ачылган.  Бул жарандарыбызга ыңгайлуулукту түзүп берүүдө кызматын көрсөтүп  келе жатышат.

Мыйзамсыз иштегендер 100 миң сом айып төлөйт

Улуттук банк салык инспекциясы, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана Бишкек шаардык мэриясы  менен атайын рейддерди жүргүзүп турат. Анткени   базарлардын айланасында лицензиясы жок иштеп жүргөн жарандар бар.  Алар менен күрөшү үчүн тынымсыз рейддерге чыгып жатабыз.  Атайын бекитилген иш пландын негизинде жылына 4-5 жолу өткөрүлөт. Анда мыйзамсыз аракеттер аныкталса, административдик кодекстин негизинде иштерди жүргүзөбүз.  Ага ылайык  100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.  Экинчиден жарандар дагы акча алмаштырып жатканда инвестор катары жоопкерчиликти сезиши керек. Биринчи кезекте акча алмаштыруучу жайларды кылдат карап чыгуу абзел. Алгач ал жердин ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча  уруксат кагазы, ачка алмаштыруу жайы тууралуу маалымат жана кассалык аппарат  болууга тийиш.  Акча алмаштыруучу жайларды курсу жогору деп эле тандаган туура эмес. Андыктан бул жерде минималдык талаптарга көңүл буруу кажет.

Алдамчылыкка кабылгандар арызданбайт

Алдамчылыкка кабылган жарандар сөзсүз түрдө Улуттук банка кайрылса болот. Бизде коомчулук менен иш алып барган атайын бөлүм бар. Байланыш номуру 0312 61 04 86 же www.nbkr.kg  дарегине жабыркаган жарандар кайрылуу калтыралат. Бул  эки дарекке келген маалыматтар сөзсүз каралып тийиштүү чаралар көрүлөт.

Акча алмаштыруу бюросунда коюлуп жаткан курстар элдеги суроо-талапка жараша болот. Ошондуктан Улуттук банк түздөн-түз  акча алмаштырып жаткан бюролордогу курстарга кийлигише албайт. Алар өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө , валюталык позициясына жараша курстарды бекитишет. Ал эми улуттук банк эсептик курсту гана аныктай.

Улуттук банктын ченемдик документтеринин негизинде алмашуу бюролору алмашуу номиналы же чыккан жылы болобу анысына карабастан валютаны милдеттүү түрдө алмаштырып бериши керек. Эгерде коммерциялык банктар же ошол эле акча алмаштыруу жайлары маселе чыгарып жатса, жогоруда белгиленген даректерге доо арыз менен кайрылса болот. Ал үчүн кайрылган адамдын толук  аты-жөнү, акчаны алмаштырбай жаткан акча алмашыруу жайынын дареги же коммерциялык банкты так көрсөтүшү керек.

Кыргызстанда  дүйнөдөгү баардык валютаны алмаштырса болот

Кыргызстанда 4-5 валютага суроо-талап абдан көп. Ошондуктан бул валюта кеңири колдонулат жана акча алмаштыруучу жайлар бул бирдиктерди гана алмаштырышат. Бирок алардын арасында  дүйнөдөгү баардык валюталарды кабыл алгандар дагы бар. Мисалы мындай жайлар Москва/Совет  жана Манас/Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги акча алмаштыруучу жайларда бар. Бул жайлар ишмердүүлүгүн патенттин негизинде жүргүзөт. Эң жогорку патент баасы 16 миң сом. Ал эми калгандары төмөнүрөөк болот.

Лицензиясы туруп, жарандарды алдап жаткан фактылар аныкталган болсо, биринчи эскертүүлөр берилет. Эгер ал дагы эске алынбаса, алардын ишин токтотуп коюга болот. Буга дагы көнбөгөн жайлардын лицензиясы алынып салынат.

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache