Шашылыш кабар:

Садамкулова: Өнөр жай парктарын куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат

Садамкулова: Өнөр жай парктарын куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат
Кыска кабар
0

Жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча долбоор иштелип жатат. Ишкерлерге жеңилдиктерди түзүү максатындагы бул долбоордо 20 айылга каралган. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналары боюнча мамлекеттик комитеттин жеңил өнөр жай бөлүмүнүн башчысы Фатима Садамкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын өнөр жай тармагы БУУнун туруктуу өнүктүрүү прогораммасына кирди. Бул стратегиялык документтерди иштеп чыгууда кеңеш алууга, долбоорлорду ишке ашырууда донорлук уюмдарды табууга жардам берет. Анткени өндүрүш үчүн коммуникация, жол маселеси чоң мааниге ээ.

Эксперттердин белгилегендей, Кыргызстанда өнөр жайдын тамак-аш, текстил, энергетика жана туризм секторун өнүктүрүү артыкчылыктуу багыт.

«Аталган төрт багыт орто аралыкка тандалып алынган. Узак мөөнөттүү өнүгүүгө башка тармактар изилденип жатат. Атынды түз колдонуу маселеси боюнча өкмөткө кайрылабыз. Экономика министрлиги менен чогуу экономикалык зона, өнөр жай парктарын куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатат,» — дейт Садамкулова.

Маалыматка ылайык, өнөр жайдын 46 пайызын металлургия, 15%ын энергетика тармагы, 13%ын тамак-аш өндүрүшү жана 8 пайызын курулуш материалдары түзөт. 2017-жылы өлкөдө 231 млрд сомдук өнөр жай продукция өндүрүлүп, 101%га өсүш болгон. Жалпы ИДПнын 19 пайызын түзгөн.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache