Шашылыш кабар:

Боронбаева: Региондорду өнүктүрүүгө сапаттуу электр энергия керек

Боронбаева: Региондорду өнүктүрүүгө сапаттуу электр энергия керек
Кыска кабар
0

Өлкөдө суу байлыгынын 10 пайызы гана колдонулат. Бул тууралуу чакан ГЭСтер ассоциациясынын жетекчиси Эльвира Боронбаева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, региондорду өнүктүрүүдө электр энергия болушу зарыл. Анткени чакан ГЭСтер өндүрүш тармагына зор түрткү берет. Келген инвестор дароо электр энергиянын сапатын сурайт. Азыр инфраструктуранын эскилигинен энергия барына жетиштүү эмес.

«Кичи жана орто өндүрүштөрдү өнүктүрүү зарыл. Ал үчүн ишкерлер салыктар жеңилдетилип, өндүрүштүк зоналар курулсун. Зоналар өзүн-өзү башкарып, ишкерлерге, инвесторлорго ишкана ачканга жардам беришет. Бул багытта мыйзам долбоору даярдалып, 3 жылдан бери колдоо таппай келет. Себеби мамлекет салык маселесинен чочуп жатат»,- дейт Боронбаева.

Ал мындан сырткары, өлкөдө мыйзамдык базанын чабалдыгынан мамлекет айрым стратегиялык пландарда каралган иштерди аткаруу милдетин албай калганын кошумчалады.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache