Шашылыш кабар:

Министр: Театрдан эл өзүн көрүп кетиши керек

Март 1st, 2018 | by Бурулай Шергазиева
Министр: Театрдан эл өзүн көрүп кетиши керек
Билим жана Маданият
0

Коомчулуктун театрга болгон мамилесин өзгөртүп, көрүүчүлөрдүн агымын жандантуу максатында министрлик мыкты чыгарма үчүн сынак жарыяламай болду. Азырынча анын жол-жобосу толук бекитиле элек. Мындай маалыматты Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов коллегиянын жыйынында айткан эле. Сынактын максаты театрларда кызыктуу чыгармаларды коюу менен элди тартуу болуп саналат.

Бүгүнкү күндө театрларда абал кандай? Эл эмне үчүн театрга барбай жатат? Биз элдин да, актерлордун да пикирин билип көрдүк.


Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына барганыбызда актерлор «Рамаяна» спектаклинин премьерасына кызуу даярданып жатышыптыр. Бир көрүнүштү ийине жеткирип чагылдыруу үчүн бир канча ирет кайталап, ар бир сөздүн маанисине жараша аткарууга аракет кылып жатканын көрдүк. Бир сааттык спектакль үчүн чыгармачыл топ айлап даярданат.

Тилекке каршы, актерлор күткөн көрүүчүлөр залга толбой калган учурлар да болот. Актер Эржан Осмонов залдагы элдин таасири кадимкидей дем берерин айтат. Даярдануу учурундагы түмөн түйшүк спектакль коюлган күнү унутулуп кетет дейт.

-Албетте, биз ошол чыгарманы эл үчүн коебуз. Алар канча көп келсе, ошончолук ырахат алабыз. Бир жылдары эл аз келип калган. Ошол учурда өзүң да башкача болосуң. Бирок акыркы мезгилде элдин агымы жакшы.

Бирок маданият өкүлдөрүнүн айтымында, акыркы мезгилде коомчулукта театрга баргандардын саны аз. Көпчүлүк кинотеатрларга барып эс алууну тандап калган. Мындан улам биз коомчулукта эмне себептен театрга баргандардын саны азайганын сурап көрдүк.

Сурамжылоо:

Мектеп окуучусу: Мага кызыктуу эмес. Илгеркидей эле сезилет.

Мугалим: Мурда жакшы барып турчу элек. Азыр күнүмдүк турмуштан кол бошобойт. Студент кезде бат-баттан барып турчубуз.

Студент: Кызыкпайм. Чынын айтсам өмүрүмдө бир жолу болсо да барган эмесмин.

-Мен айылда турам. Ал жакка келишпейт. Айылга коюп келишсе бармакпыз.

Буга байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов театрга болгон мамилени өзгөртүү максатында конкурс жарыялана турганын билдирген. Сынактын максаты, театрларда кызыктуу чыгармаларды коюу менен элди тартуу болуп саналат. Министрликтин басма сөз кызматкери Жийде Зоотбекованын айтымында, азырынча сынактын жол-жобосу толук бекитиле элек. Бирок жалпы байке фонду 1 миллион сом деп каралган.

Театрларда көпчүлүк учурда классикалык, тарыхый чыгармалар көп коюлуп калгандыктан, эл барбай жаткандыгы байкалат. Конкурсту өткөрүүнүн башкы максаты, учурдун талабына жараша чыгарма коюп элди тартуу. Министр театрга келген эл коюлган спектаклден өзүн көрүп кетиш керек деген оюн билдирди.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Назым Мендебаиров министрдин бул демилгеси маданият өкүлдөрүнө дем берет деп ишенет. Сынактын жыйынтыгында театрларда замандын талабына жараша спектаклдер жаралат деп ойлойт.

-Ар бир коюлган спектаклде биз бүгүнкү күндүн каарманын издейбиз. Бул учурдун талабы. Ал эми министрдин азыркы демилгеси чыгармачыл кишилерге дем берет. Мунун артынан мыкты чыгармалар жаралат деп ишенем.

Маданият өкүлдөрү театрга болгон мамилени түздөн-түз учурдагы мода көз карашына байланыштуу дешет. Башкача айтканда, бүгүнкү коомчулук заманбап болгон нерсеге кызыгып, анын артынан жүрөт. Ал эми театрга барууну трендге айлантуу эң биринчи кезекте чиновниктерден башталат дешет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache