Шашылыш кабар:

Тубаса кемтиктин 18 пайызына аз кандуулук себеп

Тубаса кемтиктин 18 пайызына аз кандуулук себеп
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында тубаса кемтик оорулардын алдын алуу тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбүбү Абдубалиева жооп берди. Ал эми берүүнү Мунара Турдубаева алып барды.

Тубаса кемтик төрөлүүнүн 18% энелердин аз кандуулугу себеп…

Кыргызстанда тубаса кемтик оорулары менен төрөлгөн балдардын саны көбөйүүдө. Мисалы 3 -4 жыл мурун бир жашка чейинки балдардын өлүмүндө тубаса кемтик менен төрөлгөндөр 14% болсо, бүгүнкү күндө 16 пайызга чейин өстү. Анын себеби мамлекетте уран калдыктары бар. Ысык-Көлдө, Майлуу-Суу, Айдаркен, Кеминде оорулуу жана тубаса кемтик төрөлгөн балдардын саны көп. Бала эненин курсагында 3 айлык болгон кезинде бардык органдары калыбына келип калат. Тубаса кемтик ооруларына ошол 12 жуманын ичинде уран, сымаптын калдыктары таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле, биз сасык тумоого көп көңүл бурбайбыз. Бирок түйүлдүк боло баштаганда вирустук оорулар да таасир бериши мүмкүн.

Андан сырткары, экономикалык абал, жашоо шартыбыз да кедергисин тийгизет. Тубаса кемтик төрөлүүнүн 18% энелердин аз кандуулугу себеп болууда. Өлкөдө аялдардын 45% аз кандуулук менен жабыркайт. Анын себеби туура тамактанууга жана ден соолукка көңүл бурулбагандыгында. Мисалы этти чай менен жесек пайдасы болбойт. Негизгиси кош бойлуу аялдар, ымыркайлар да аз кандуулукка бат  чалдыгат.

Жөнөкөй дары (фолий кислотасы) да тубаса кемтиктердин алдын алат…

СССРдин медицинасы оорулардын алдын алуу тармагы болчу. Ага Американын президенттери да суктанчу. Эгемендүүлүктү алгандан бери саламаттыкты сактоо тармагында көп өзгөрүүлөр болду. Дүйнөлүк ыкмада жаран өзүнүн ден соолугуна өзү көңүл бурат. Бизде көп балалуу үй-бүлөлөр, жаш куракта төрөгөн кыздар көп. Бат-баттан төрөгөндө аялдардын ден соолугу калыбына келүүгө жетишпей калат. Негизи балдардын аралыгы 3 жылдан кем болбош керек. Ошондуктан төрөгөн аял ден соолугуна көңүл буруп, дарыланууга тийиш. Жөнөкөй дары (фолий кислотасы) да тубаса кемтиктердин алдын алат. Анын баасы кымбат эмес. Бул дарыны эне болом деген айымдар, кыздар боюна боло электе ичип баштаса жакшы.

Ата-энелер баласынын кемтик төрөлөөрүн биле алат…

Ата-эне баласынын кемтик төрөлөөрүн биле алат. Аны репродуктивдүү борборлордон тактаса болот. Бир эле УЗИ менен билгенге болбойт, себеби анда кичинекей тубаса кемтиктер көрүнбөй калышы мүмкүн. Ата-энелер алдын ала изилдөөдөн өтсө болот. Тубаса кемтиктер менен төрөлгөндөргө улуттук, областтык деңгээлде жардам көрсөтүлүп жатат. Биздин борбордо жүлүндүн, мээнин, жаак, бөйрөк жана башка органдардын тубаса кемтиктеринин атайын бөлүмдөрү бар. Тубаса кемтик менен жаңы төрөлгөндөрдү операцияга чейин жана андан кийин жандандыруу бөлүмү ачылган. Бул жерде ымыркайларга оперативдик жол менен жардам берилет. Бирок тубаса жүрөк кемтиктери көп катталып, көйгөйлүү болуп жатат. Мындай ымыркайларга алгачкы күндөрү жардам берүү кыйынга туруп жатат. Төрөт үйлөрүнөн улуттук жүрөк-хириргия борборуна которуш керек. Оперативдик жол менен жардам берүү оңой эле болуп жатат. Бирок наристени жандандыруу бөлүмүндө кароо татаалга турууда. Ошондуктан ымыркайлар 1 айлык болуп, жүрөгүнүн салмагы көбөйгөндө жардам берүү оңой болот.

Жүрөгү оорубаган адамдардан да жүрөгү кемтик наристе төрөлүшү мүмкүн…

Жүрөгү ооруган аялдын баласы жүрөк кемтиги менен төрөлүү тобокелчилиги жогору. Оорубаган адамдардын балдары да жүрөк кемтиги менен төрөлүшү мүмкүн. Ага жаңы түйүлдүк болгондо бир себеп таасир берет. Себептер таасир этпеши үчүн жубайлар балалуу болууга даярданышы керек. Тубаса кемтиктер менен төрөлгөндөргө өз убагында жардам берилсе жашап кетишет. Болгону мамлекет, жарандар, дарыгерлер көмөк көрсөтсө. Чет өлкөлөрдү карасак, Өзбекстанда жаштар баш кошоордо медициналык изилдөөдөн өтөт. Эгер дени сак болсо гана үй-бүлөлүк никеге уруксат берет. Европанын айрым өлкөлөрүндө 5 жыл боюу ичкиликтен, чылымдан, жада калса унаа айдагандан да баш тартышат. Эркектер да ден соолугуна көңүл бурушу зарыл. Аларда да көп көйгөйлөр бар.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache