Шашылыш кабар:

Жоошбаева: Баланы эркелетип саат онго чейин уктатпаш керек

Жоошбаева: Баланы эркелетип саат онго чейин уктатпаш керек
Ата-эне сааты
0

«Марал» радиосунун «Ата-эне сааты» программасында “Асыл наристе” бала бакчасынын мээрман айымы Клара Жоошбаева менен балдардын туура тамактануусу жана зыяндуу тамак-аштар тууралуу сөз кылдык. Берүүнү Айзат Үсөнгул кызы алып барды.

Балдар өз убагында тамактанышы зарыл…

Медицина тармагында тамактарды негизинен дан, эт, сүт жана май азыктары деп бөлүп алабыз. Жаш балдарга берилген тамакта жогоруда айтылган азыктар болушу зарыл. Туура тамактануу алардын жакшы жетилишине шарт түзөт. Мындан сырткары, сапаттуу азыктар балдардын психикалык тез өнүгүшүн жана организмдердин жугуштуу оорудан сактануусун камсыз кылат. Айрыкча өсүп келе жаткан жаштардын табигый муктаждыктарына жараша алардын тамактануусуна көбүрөөк көңүл буруш керек. Ал эми наристелерге 6 айга чейин эне сүтү гана берилет. 2 жашка чейин эне сүттү менен 4-5 маал кошумча тамактарды берүүгө болот. Бала бакчага баргандарга рационалдуу меню түзүлөт. Тамактар убактысы менен берилиш керек. Мисалы, бала тартипке көнүш үчүн эртен мененки тамакты саат 8-9 аралыгында ичиши зарыл. Ал эми түшкү тамак 11:30-12:00 менен 16:00-16:30 аралыгында эки жолу ичилет. Кечки тамак 18:30га чейин берилгени жакшы. Негизинен эки тамактын ортосунда 3-4 саат аралык болушу шарт. Анткени, тамак 3-4 саатта керектүү заттарга айланып, организмдин өсүшүнө өбөлгө түзөт.

Куурулган тамактар балдарга зыян…

Анткени алардын ашказаны назик болгондуктан мындай тамактарды сиңирүүдө кыйналып калат. Ага караганда бууга бышырылган тамактар пайдалуу болот. Кайнатылган тамактарда витаминдер көп сакталат. Балдардын күнүмдүк тамактануу режими толук сакталбаса табити начарлай баштайт. Андыктан убактысы менен тамак берип туруш керек. Балдарга тез даярдалган тамактарды берүү сунушталбайт. Алсак, картошка кууруган майлар бир канча жолу иштетилет. Болбосо жеткинчектер үчүн майлар бир эле жолу колдонулушу зарыл. Бир майды улам кызытып, кайра-кайра колдонуу ден соолукка зыян.

Мындан сырткары, тез тамымдарды жеген балдар ага көз каранды болуп, кайра-кайра жегиси келет. Натыйжада көп тамактанып, ашказан бат иштегендиктен ооруп калышы мүмкүн. Аны менен бирге түрдүү татымалдар кошулгандыктан балдардын  ашыкча салмак кошуусуна жол ачат.

Тез татымдар баланын табитин жоготот…

Ата-энелер балдардын эркелигин кыя албай алар каалаган нерсесин алып беришет. Картошка менен нан ден соолукка пайдалуу болгону менен алар кириешка, чипсыларда колдонулуп зыяндуулугу артат. Аны жеген бала ичеги, ашказан оорусуна дуушар болушу мүмкүн. Тез татымдарда химикалык заттар көп колдонулгандыктан аны жеген баланын табити кадимки тамактарга тартпай калат. Газдалган суулар, муздак чайлар суусундукту кандырганы менен аларда көмүр кычкыл газы бар. Ал организмдин өсүшүнө терс таасирин берип, ичеги ооруларына алып келет. Ашказан дартын күчөтүп, рак ооруларына жол ачат. Газдалган суусундукта шекер көп болгондуктан кант диабетине алып келет. Ошондой эле кошумча салмакка түрткү болот. Ал эми шоколадды  убагы менен өлчөп берген оң. Жатаарга жакын шоколад берүү сунушталбайт, аны түшкү тамак убагында берсе болот. Анткени өспүрүмдөр күнүмдүк тамактын 30% эртең мененки, ал эми 50 пайызын түшкү тамактан алат.

Баланы эркелетип, саат 9-10го чейин уктатпаш керек…

Жарым-жартылай даяр тамактар көпкө сакталсын деп аларга химиялык элементтерди көп кошушат. Мындай азыктарда адамга керектүү болгон микроэлементтердин көпчүлүгү өлүп калат. Бирок шашкан учурда азыраак өлчөмдө колдонушса болот. Баланы эркелигине таянып, саат онго чейин уктатпаш керек. Эртең менен таттууларды эмес, сүт азыктарын беришсин. Суу кайнатылганда андагы микробдор өлүп, пайдалуу витаминдер сакталып калат. Балдарга көчөдөн шербет сатып  бергенге караганда кургатылган жемиштерден үй шартында компот жасап ичирген пайдалуу. Кадимки чайга муз салып ичирсек баланын суусундугу канып калат. Суусундукту аз ичкен баланын ичи катыйт. Мындайда мөмө-жемиш, суусундук, кызылчадан жасалган салаттарды берсек болот. Жарма, шоро сыяктуу улуттук суусундуктар да пайдалуу. Тамактанаардан жарым саат мурда суусундук ичирип койгон оң.

Балдарга кыйнап тамак берүү туура эмес…

Анын ордуна тамактануунун пайдалуу жактарын түшүндүрүп айтыш керек. Эки жашка чейинки балдар чоңдордун тамагын ичкени болбойт. Аларга өзүнчө жеңил, тагыраак айтканда кайнатылып, бууга бышырылган тамактарды даярдап берген оң. Бир өңчөй эле ботко берүү сунушталбайт. Андыктан аны да түрлөп жасап, мөмө-жемиш аралаштырып бериш керек. Эт азыктары балдар үчүн күчтүү болгондуктан түшкү тамакка кошуп берген жакшы. Кечинде берсек, сиңире албай ашказаны кыйналып калышы мүмкүн. Эгер эт бергиңиз келбесе анда курамында эттеги витаминдер болгон башка азыктарды берип туруңуз. Эртең менен сүт, кайнатылган жумуртка сыяктуу жеңил тамактарды бериш керек. Түшкү тамакта уйдун, тооктун жана балыктын этенин жасалган тамактар сунушталат. Жалаң эле эт эмес, ага кошумча салат, сууга бышырылган күрүч, гречка кошуп жедирсе болот. Ал эми жатаарда сүт азыктарын берген пайдалуу.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache