Шашылыш кабар:

Кыргызстанда алгачкы кино дастан элге сунушталды

Март 1st, 2018 | by Анара Бакытбекова
Кыргызстанда алгачкы кино дастан элге сунушталды
Билим жана Маданият
0

“Дарак ыры” тарыхый кино дастаны 28-февралда жабык эшик артында тар чөйрөгө тартууланды. Бүгүнтөн тартып борбор калаанын баардык кинотеатрында көрсөтүлө баштайт. Бул кыргыз киносунун тарыхындагы мюзикл жанрында тартылган биринчи фильм. Тарыхый кино дастанга миңден ашык актер, актрисалар тартылды. Бет ачарына келген коноктор кино дастан жогорку деңгээлде тартылганын белгилешип, анда кыргыздын илгерки жашоосун көрүүгө болоорун айтышты.


«Дарак ыры» тарыхый кино дастанда курч окуялар эки атаандаштын тегерегине топтолгон. Жаш кыздын жүрөгүн багындыруу үчүн эки жигиттин күрөшү чагылдырылат. Окуя курчуп олтуруп, акыры айылдагы жалгыз дарактын кыйылышына алып келет. Күчтүү эмоция көкүрөктөгү ырды жаратат. Анда жөн эле саламдашкан же сүйлөшкөн учурда эмес, ортодо айтаарга сөз калбай, жан дүйнө кыйналганда, буулукканда, күйгөндө обон созулат. Ар бир ыр тасманын тарыхын баяндап, каармандардын мүнөзүн гана эмес, ошол замандын турмушун сүрөттөйт.

Кино дастанга миңден ашык актер катышып, аларга 200дөн ашуун комплект улуттук кийимдер тигилген. Кыргыз киносунун тарыхында биринчи жолу тартылган “Дарак ыры” тарыхый кино дастаны Сарала-Саз, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Сары-Ой, Кажы-Сай, Суусамыр, Өтмөк жайлоолорунда жана Бишкектин чет жакаларында 2 жарым айда тартылып бүткөн.

Кадрларда тоолор, кең жайлоолор, ат жалында ойногон жигиттерди көрүүгө болот.

Аталган  кино-дастандын сценарийнин автору жана режиссеру Айбек Дайырбековдун айтымында, бул кинону тартуу көп жылдар көкүрөгүндө кайнаган. Жанр мюзикл болгондуктан актер тандоо абдан кыйын болду.

Бизге ырдай билген каармандар керек болчу. Анткени ырдай албаган актердун ырдамыш болуп роль аткарганы чынында кыйын. Жөн гана ырдап, роль ойнобостон, физикалык жактан дагы даяр, күчтүү жигиттер тандалмак. Анткени сюжет боюнча улак тартыш, ат чабыш, күрөш өнөрүн көрсөткөн эпизоддор бар.

Тасма үчүн жалпы 17 ыр жазылса, андан 12 ыр кино-дастанга киргизилген. XVIII кылымда болгон окуяларды акын Бактыгүл Чотурова ирети менен ыргактап ыр саптарына түшүргөн, ал 600 ыр саптарынан турат.

Айтмакчы, фильмде колдонулган ырларды Марат Ибраев, Нурчолпон, Адилет Азимов, Таалайкан Абазова, Мээрим Карыповалар ырдаган.

Негизги каарман кыз Бегимайдын атасы болуп Базарбай аттуу бай кишинин ролун эмгек сиңирген артист Темирлан Сманбеков аткарган.

-Адамдагы сезимдерди, эмоцияны актерлор бере албаганда музыка аркылуу жеткирүүгө болот экен. Бул абдан сонун нерсе экен.  Анткени ар бир адам музыканы укканды жакшы көрөт. Тасмада кайгылуу жана шаңдуу окуяларды музыка менен берүү бизге да жагымдуу болду.

Бул тасманы көрүп чыккан ар бир көрүүчү толкунданып, бир чети ыйлап да алышты. Алардын бири Бишкек шаарынын тургун Жийде айым кино дастандагы окуялар менен ырлар бири-бирине төп келип, айкалышып калган баса белгиледи.

-Мен 50 жаштан өтүп баратамын, ушул кезге чейин мындай кинону көрөбөдүм. Ырлар жан дүйнөнү козгоп, өзүнчө бир сезимди пайда кылды. Актерлор да мыкты тандалыптыр.

Тасманы Central Asia Film Орусиянын Cinetrain компаниясы менен биргеликте тарткан. Фильм жарыкка чыга электе эле беш эл аралык кино фестивалдарда катышууда. Болгондо да, фестивалдардын уюштуруучуларынын сунушу менен жиберилген. Тасма жалпы элге 1-мартта сунушталат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache