Шашылыш кабар:

Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы биринчиликти алды

Март 1st, 2018 | by Бахар Хакимова
Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы биринчиликти алды
Кыска кабар
0

Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы жалпы эсеп менен биринчи орунду алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеш 27-28 февралда өтүп, медалдын 10 комплектиси ойнотулган.

Анда кыргыз балбандары 8 медалга — бир алтын, үч күмүш жана төрт колого ээ болду. Бул командалык эсепте Кыргызстанга 157 упай алып келген.

Белгилей кетсек, грек-рим күрөшү боюнча курама команда алгачкы ирет Азия чемпионатында биринчи орунду ээлеп жатат. Казакстан 156 упай менен экинчи, 148 упай менен Өзбекстан үчүнчү орунду ээледи.

Ошондой эле алдыңкы ондукка Япония, Иран, Кытай, Индия, Корея жана Тажикстан кирди.

 

 

 

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache