Шашылыш кабар:

Айымдарга кандай белек бериш керек? (Психологдон кеңеш)

Февраль 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Айымдарга кандай белек бериш керек? (Психологдон кеңеш)
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Гүлзар Акматалиева угармандардын түйшөлткөн суроолоруна жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Жакында 8-март. Айымдарга кандай белек берсек болот?

— Жаз менен кошо айымдардын майрамы келе жатат. Андыктан алдын ала кимге кандай белек берилээрин үйрөнүп алыңыз. Мисалы, апаларды жагымдуу белек менен кубантуу ар бирибиздин максатыбыз. Бирок, улуу муундагы адамдарга белек тандоо жөнөкөй болбошу мүмкүн. Энелерге үй тиричилигине керектүү буюмдар туура келет. Мисалы, кооз дасторкон, ашканага илүүгө ылайыктуу сүрөт. Эсиңизде болсун, медициналык буюмдарды белек кылуу менен анын картайып баратканын, ден соолугунун чың эместигин эсине салып коёсуз. Андыктан, аларды тартуулоодон алыс болуңуз.

Аялдар — кыялкеч, назик болгондуктан үтүк белек кылуунун кереги жок. Сүйүктүү жубайыңызга оригиналдуу, кайталангыс белектерди тартуулаңыз. Алсак, зер буюмдарын, эс алууга жолдомо… Ошон эле учурда гүл тууралуу эч качан унутпаңыз. Эгер сиздер бирге иштеп же окусаңыздар, окуусуна, жумушуна керектүү бир нерсе белек кылсаңыз болот. Канчалык кымбат болсо да курбу кызыңызга косметика белек кылуу сунушталбайт. Помада, крем, атыр сыяктуу буюмдарды аялдын өзүнүн тандаганы оң.

— Белек тандоодо көп кыйналам. Кандай кеңешиңиз бар?

— Анда белек берчү адамдын жылдызына маани бериңиз. Жылдызына жараша тандалган белектер көпчүлүк айымдарга жагып, жакшы таасир калтырат. Алсак, кой жылдызы алдында төрөлгөн айымдар спортко жакын келишет. Андыктан аларга велосипед, топ же теннис ракеткасын тартууласаңыз кубанып калышат. Аны менен катар турмуш-тиричилик буюмдарын берүү да сунушталат. Кой жылдызындагылар үчүн белектин сапаты абдан маанилүү. Эгерде букачарга таттууларды белек кылсаңыз, сизге абдан ыраазы болот жана кооз жасалгасы менен чын жүрөктөн тартууланган белекти өмүр бою унутушпайт. Эгиздер жылдызына туура келген айымдарга жаккан белекти тандоо оңойго турбайт. Эгиздердин табити бир күндө бир нече жолу өзгөрөт. Алар сюрприздерди абдан жакшы көргөндүктөн акыл-ойго сыйбаган, таң калтырган белекти ойлоп табуу сунушталат. Бөйөндөргө белек берүүдө саркеч сапатына жана маркасына көз чаптырганыңыз оң. Тагыраак айтканда, түркүн белек аларга туура келет. Негизгиси сапаты жогору болсун.

— Мен белек берчү айым сарамжалдуу. Аны кандай белек менен кубанта алам?

Эгер сиз белек берчү айым сарамжалдуу болсо, анда ал жылдыз белгиси бонча бийкеч экен. Алар киреше менен чыгашаны жакшы билишет. Ошондуктан капчыгыңызга жараша белек берсеңиз сизди жакшы түшүнөт. Мындан сырткары, бийкеч жылдызындагы аял-заты тазалыкты, натуралдык азык-түлүктөрдү, пахтадан тигилген кийим-кечени же адал стандарттын негизинде жасалган продукцияны жакшы көрөт. Андыктан үйгө керектүү болгон буюмдарды белекке берүүнү сунуштайбыз. Бардык нерсенин ыңгайлуулугуна маани беришет. Эгерде кийим берем деп турсаңыз, анда анын фасонунан жаңылышпаңыз. Кандайдыр бир техника тартууласаңыз, аны колдонууну үйрөтүңүз. Эң башкысы, чын жүрөктөн, каалоо-тилектердин коштоосу менен тапшырылсын. Ал эми арстан жылдызындагылар белекти ийне-жибине чейин изилдеп, андан соң гана кабыл алышат. Ал үчүн майрамдык маанай жаратып, жылуу сөз, даамдуу тамак тартуулаңыз. Бирок акча белек кыла көрбөңүз, катуу таарынтып алышыңыз ыктымал.

— Жубайымдын жылдыз белгиси тараза, ал эми апамдыкы чаян. Экөөнө бирдей белек берсем жаңылып калбаймынбы? 

— Таразаларга белек тандоо абдан кыйын. Себеби алар жашоодо саркеч кийинип, бардык жаңылыктардан кабардар болуп турушат. Андыктан жасалма же арзан буюмдарды белекке бергенден алыс болуңуз. Демек, буюмдарды комплектиси менен сатып берүүгө даяр болуңуз. Канчалык аракеттенсеңиз, натыйжасы ошончолук жакшы болот. Ал эми апакеңиз чаян жылдызында болсо анда белектин баасына эмес, анын кызыктуу болуусуна көңүл буруңуз. Анткени канчалык кымбат болбосун, баары бир жакпай калышы мүмкүн. Эң жакшысы апакеңизди ээрчитип алып, чогуу белек тандаңыз. Балык айымдарга белек тандоодо шамдагай болуп, көп баарлашсаңыз ага эмне жагарын оңой эле билип аласыз. Алар белекке караганда сиздин сезимдериңиздин аруулугуна кызыгышат. Аларга кийим-кечек тартууласаңыз өз табитине жараша тандап алууну жактырышат.

— Мен өзүмө көп ишене бергендиктен белек тандоодо да чочуй берем. Кандай кеңеш бересиз?

Сиз өзүңүзгө ишенбесеңиз жаачы жылдызындагы айымдардан алыс туруңуз. Анткени алар өзүнө ишенген мырзалар менен баарлашканды жактырышат. Эгер апакеңиз же карындашыңыз жаачы жылдызында болсо анда кандай гана белек болбосун, «сизге  абдан жарашты, сонун болду» деп мактоону унутпаңыз. Мындан тышкары жаачылар белектин кандай учурда берилгенине да көңүл бурушат. Ал эми Сууперилер белегиңиз жакпаса да «жакты» деп коюшу мүмкүн. Белек тандоодо алардын талантын, кызыгууларын байкаңыз. Алар романтик болгондуктан, кооз сувенирлерди, дүйнөлүк жазуучулардын чыгармаларын, документалдык фильмдердин жыйындысын тартууласаңыз да кубанышат. Ошондой эле Текечерге берилген белек пайдалуу жана керектүү болсун. Өз колуңуз менен даярдаган белегиңизди жылуу кабыл алышы мүмкүн. Мындан сырткары алар көпкө чейин сактала турган буюмдарды жактырышат. Мисалы, гүлдестенин ордуна бөлмө өсүмдүгүн белекке берсеңиз болот.

— Мен жолдошумду аяп «мага белек керек эмес» деп коём. Бул туурабы?

Айымдар «мага белек керек эмес» деп айтуу менен жолдошуңузду аяганыңыз менен ал сизди кубантса дагы да бактылуу болоорун унутпаңыз. Белек капачылыктарды унуттуруп, мамилелерди жакшыртат. Айымдар белек алганда эмоциясын туура көрсөтүүсү манилүү. Себеби мырзалар кийин да ошого жараша белек берет. Белек сүйүүчүлөр бир нече түргө бөлүнөт. Мисалы каалаган нерсесин ала албагандар капалана түшөт. Статистика боюнча, белек катары айымдарга казан көп берилет. Эмнени кааларын билбеген айымдар белектерге көп канааттанбайт. Харизмалуу аялдар көп белек алат. Аял киши эркектерге караганда сезимтал болот.  Жүрөгү ток айым балдарына, жолдошуна оң энергияларды бере алат. Көп белек алгысы келген айым мырзаларга белек алган учурдагы эмоциясын жакшы билдириш керек. Себеби белек мамилени жакындатат. Ал адамды бактылуу кылуу, маанайын көтөрүү максатында берилет. Белек берген киши өзүн бактылуу сезип, башкаларга жакшы маанай тартуулоого аракет кылат.

— Кандай белек алып берейин десем аялым «менде баары бар» деп коёт. Мындайды кандай белек бере алам?

Эң жакшысы айымыңыздан ачык сураганыңыз жакшы. Бирок алар «эч нерсе керек эмес» деп койсо, «чын эле эч нерсеге муктаж эмес  же каалаган нерсеси жок экен» деп ойлобоңуз. Чындыгында андай эмес. Айымдарга кандай белек берүүнү ойлонуп жүрсөңүз анда алардын сүйлөгөн сөздөрүнө маани берип, башкаларга берген белегин анализдеңиз. Бул ыкма менен ага кандай белектер жагаарын байкоого болот. Кучак толо гүл берген да жакшы. Себеби айымдардын көпчүлүгү гүлдү жакшы көрөт. Кичинекей белек алсаңыз дагы өз абалыңызды түшүндүрсөңүз карындашыңыз, апакеңиз же жубайыңыз, сиздин кыйналганыңызды көрүп дагы да ыраазы болот. Белекти оротуп, айымыңызга же апаңызга  болгон сезимиңизди жакшы сөз менен жазып же айтып, тартуулаңыз. Анткени аны кандай берген да маанилүү. Көп түйшүк аялдардын башына түшкөндүктөн үй иштерине жардам берип, достору менен жолугууга мүмкүнчүлүк түзүп берсеңиз болот. Анткени үйдө отурган айымдар буулугуп кетиши мүмкүн.

— Апаларга кандай белектер сунушталат?

Апаңызга белек бергенде жубайыңыз менен кенешсеңиз болот. Анткени айымдар бири-бирин жакшы билет. Белек тандоодо апаңыздан, карындашыңыздан ачык сураңыз. Айымдар курбуларына да белек берсе болот. Туугандарыңызга таттуудан, мөмө-жемиштерден жасалган гүлдесте белек кылсаңыз болот. Косметикалык каражаттарды берүү сунушталбайт. Анткени ар кимдин табити ар башка. Мындай белектер берилсе да колдонулбай туруп калышы мүмкүн. Жакшы мамиле, жылуу сөз менен айланадагы адамдарды бактылуу кыла алат.  Айымдарын сүйүү тилине жараша белек берсеңиз жаңылышпайсыз. Кечки же эртен мененки тамактануу уюштуруңуз. Үй-бүлөгө же өзүңүзгө керек экенин түшүндүрүңүз. Жубайыңыздын сүйүү тили жардам болсо аялыңыз үчүн кичине жардамыңыз да тоодой сезилет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache