Шашылыш кабар:

Абдымен: Борбор Азия экономикалык деңгээлде бириксе сырткы күчтөр ойлоно баштайт

Февраль 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Абдымен: Борбор Азия экономикалык деңгээлде бириксе сырткы күчтөр ойлоно баштайт
дүйнө дүбүртү
0

Борбор Азиянын регионалдык саммити коңшу өлкөлөргө да таасир калтырат. Мындай пикирин медиа эксперт Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул чогулуш Борбор Азияга чоң олжо болот. Борбор Азия экономикалык деңгээлде бириккенде гана сырткы күчтөр ойлоно баштайт. Чогулушта биринчиден экономикалык, андан кийин коопсуздук маселелерин чечкенге өтүшөт.

«Бул жерде башкы максат — өз ара соода-экономикалык байланышты тездеткенге шарт түзүү. Кийинчерээк башка мамилелер калыптанган соң бирдиктүү валюта кабыл алса  болот. Бирок бул оңойго турбайт. Эгер Астанадагы биринчи жыйын ийгиликтүү бүтсө аткарылчу иштер тездетилет. Ал эми өзбек менен казак лидери талаша кетсе, анда чатак болушу мүмкүн», — дейт Кубан Абдымен.

Эксперт белгилегендей, Афганистандыгы кырдаал ал өлкөнүн Борбор Азияга аралашып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Борбордук Азиядагылар Афганистандын маселесин түшүнгүсү да келбейт, көйгөйлөрүн чечүүгө макул болушпайт. Андыктан Афганистанды Борбор Азияга кошуунун кереги жок.

Белгилей кетсек, 15-мартта Борбор Азиянын лидерлери Астана шаарында саммитке чогулушат. Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биринчи жолу формалдуу саммиттин алкагында жолугушат. Буга чейин 5 мамлекеттин президенттери КМШ, ШКУ ЕАЭБ биримдигинин алкагында эки тараптуу же үч тараптуу гана жолугушууларды өткөрүп келишкен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache