Шашылыш кабар:

Казакбаев: Орто Азия өлкөлөрү регионалдык интеграция түзүш керек

Февраль 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Казакбаев: Орто Азия өлкөлөрү регионалдык интеграция түзүш керек
дүйнө дүбүртү
0

Борбор Азиянын регионалдык саммити абдан маанилүү. Аны уюштурууда Өзбекстан президенти Шафкат Мирзиёевдин үлүшү чоң. Мындай пикирин саясат талдоочу Марат Казакбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен болгон суу, чек ара маселелери мындай ири жолугушууларды уюштурууга тоскоолдук болуп келген. Саммитке 5 мамлекеттин катышып жатканы жакшы жаңылык. Мурда Түркмөнстан катышчу эмес. Аларды коопсуздук маселеси көбүрөөк кызыктырат. Бул түркмөн-өзбек сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы болушу мүмкүн.

«Бул регионалдык саммитти болтурбай коюуга кызаккан тышкы күчтөр көп. Мисалы, Орусия атаандашуу болорун боолголойт. Ал эми Түркия менен АКШ колдоп жатат. Жолугушуу жыйынтык бербей турганын айткандар да бар. Биринчиден Орто Азия лидерлери коркпошу зарыл. Дүйнөлүк тажрыйбада ар бир аймакта өздөрүнүн регионалдык интеграциясы бар,»- дейт Казакбаев.

Белгилей кетсек, 15-мартта Борбор Азиянын лидерлери Астана шаарында саммитке чогулушат. Саммитке чогулуу демилгесин Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери көтөргөн.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биринчи жолу формалдуу саммиттин алкагында жолугушат. Буга чейин 5 мамлекеттин президенттери КМШ, ШКУ ЕАЭБ биримдигинин алкагында эки тараптуу же үч тараптуу гана жолугушууларды өткөрүп келишкен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache