Шашылыш кабар:

Кубан Абдымен: Борбор Азия регионалдык саммити мурда эле болушу керек болчу

Февраль 28th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Кубан Абдымен: Борбор Азия регионалдык саммити мурда эле болушу керек болчу
дүйнө дүбүртү
0

Борбор Азия лидерлеринин саммитинде өлкө башчылар тышкы күчтөрдүн таасири, аларга кандай мамиле кылуу керектигин талкуулашат. Мындай пикирин медиа эксперт Кубан Абдымен «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, регионалдык саммит мурда эле болушу керек болчу. Күтүлүп жаткан саммиттин негизги өзөгүн Борбордук Азиядагы интеграциялык процесстер, экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү жана башка маселелер түзөт. Мындан сырткары, Борбор Азия мамлекеттеринин өз ара кызматташуусун өнүктүрүүдө өзгөчө роль ойноп, жаңы программа, долбоорлорду ишке киргизүүгө дем болот.

«Чынында 5 президент чогулса, чече турган маселелер көп. Алардын ичинде Өзбекстан Борбордук Азиянын өзөгүн түзгөн мамлекет. Элинин саны да өстү. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Борбордук Азиянын биригишин демилгелеп, активдүү саясат жүргүзүп жатат. Өзбекстан бир жылда кошуна өлкөлөр менен алакасын бийик деңгээлге көтөрө турган келишимдерге кол коюп, чечимдерди кабыл алууга жетишти»,— дейт Кубан Абдымен.

Белгилей кетсек, 15-мартта Борбор Азиянын лидерлери Астана шаарында саммитке чогулушат. Саммитке чогулуу демилгесин Казакстан менен Өзбекстандын лидерлери көтөргөн.

Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары биринчи жолу формалдуу саммиттин алкагында жолугушат. Буга чейин 5 мамлекеттин президенттери КМШ, ШКУ ЕАЭБ биримдигинин алкагында эки тараптуу же үч тараптуу гана жолугушууларды өткөрүп келишкен.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache