Шашылыш кабар:

Бишкекте соода борборунда ири суммадагы акча уурдаган аял кармалды

Февраль 24th, 2018 | by Анара Бакытбекова
Бишкекте соода борборунда ири суммадагы акча уурдаган аял кармалды
Кыска кабар
0

22-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Чынар» соода борборунун ичинен акча уурдап кеткен аялдардын бири кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-февралда Бишкек шаарындагы «Чынар» соода борборундагы бутиктердин биринде соода кылган адам сумкасын уурдаткан. Ичинде 84 миң сом акчасы жана документтери болгон. Жабырлануучу Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Учурда уурулукка шектелгендердин бири 1963-жылы туулган И.Ж. кармалып, сурак берүүдө.

Кошумчалай кетсек, бир нече күн мурун социалдык тармактарда «Чынар» соода борборунда белгисиз аялдар ичинде документтер жана ири суммадагы акча салынган баштыкты уурдап кетишкендиги жөнүндө маалымат тараган. Жабырлануучу ошол эле күнү Свердлов РИИБине арыз жазган. Ал боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголгон. Учурда анын башка дагы кылмыштарга катыштыгы бар же жок экендиги такталууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache