Шашылыш кабар:

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына каражат башка жылдарга салыштырмалуу аз каралды

Февраль 24th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына каражат башка жылдарга салыштырмалуу аз каралды
Кыска кабар
0

Быйыл сентябрда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук мелдештерин өткөрүүгө каражат башка жылдарга салыштырмалуу аз каралды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна Көчмөндөр оюндарын уюштуруу иштери боюнча катчылыктын жетекчиси Нурсултан Аденов билдирди.

Аденов билдиргендей, бул жылы өтө турган оюндарга 2016-жылы колдонулган инфраструктуралар колдонулат. Андыктан өтө чоң көлөмдөгү курулуштар болбостугун айтат. Болгону Чолпон-Атадагы ипподромго отургучтар кошулуп, «Кырчын» жайлоосунда да экологияга зыянсыз болгон орундуктар салынаарын кошумчалайт.

Белгилей кетсек, азыркы тапта Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн 80 мамлекетке чакыруу жиберилген. Алардын маалыматы июль айына чейин такталып, тизмеси бекитилет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache