Шашылыш кабар:

Күнөскананы кийиз менен жапса, көмүр эки эсе аз керектелет

Февраль 24th, 2018 | by Орозгүл Арстанова
Күнөскананы кийиз менен жапса, көмүр эки эсе аз керектелет
Кыска кабар
0

Кыргызстандын шартындагы күнөсканаларды кийиз менен жапканда, жылуулукту көп үнөмдөөгө болот. Бул тууралуу күнөскана бизнеси менен алектенген Тилек Токтогазиев билдирди.

Ал күнөскана бизнесин баштап жатып көп өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап чыкканын айтат. «Биз кыргыздар мындай ишкерчиликти кылбаган үчүн биздин шартта ишти алып кетүү аябай кыйын болду. Анан ойлонуп биздин боз үй оюма келди»-дейт ишкер Тилек Токтогазиев.

Ишкердин айтымында, 5 сотых жерге курулган күнөскананы кийиз менен жапканда көмүр эки эсе аз кетет. Мисал менен айтканда, пленка менен жабылган күнөсканага кышында 500 кг көмүр жагылса, кийиз менен жабылган күнөсканага 250 кг көмүр кетет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache