Шашылыш кабар:

Исаков: Казакстанда кийимден табылган уулуу заттын чоо-жайы иликтенет

Февраль 23rd, 2018 | by Бахар Хакимова
Исаков: Казакстанда кийимден табылган уулуу заттын чоо-жайы иликтенет
Күн чекит
0

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев Казакстандын Караганды облусунда кыргыз өндүрүшүнөн чыккан балдар кийиминен табылган уулуу зат боюнча чечкиндүү чара көрөөрүн билдирди. Кызматтык иликтөө жүргүзүп, эгерде ал факты аныкталса прокуратурага материалдар жиберилет. Министр Кыргызстандын атына жалаа жабылбаш үчүн расмий сурам керектигин айтып, балдардын ден соолугуна карата дүйнөдө мамиле бирдей болуш керектигин, андыктан Кыргызстанда коопсуздук технологиясын сактабаган ишкана болсо жабылышы зарылдыгын айтты. Ушул теманын айланасында Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин директору Төлө Исаков менен маек курдук.

Марал: Кыргызстандан Казакстанга барган балдардын кийиминде формальдегид уулуу заты табылганы кабарланды. Кийимдерде эмне себептен уулуу зат болгон? Буга кандай чара көрөсүздөр?

Төлө Исаков: Бул уулуу зат жүндөн токулган кийимдерде болушу мүмкүн. Же болбосо ошол материалды жууп, тазалап жатканда тазалоочу каражаттын курамындагы зат калып калышы ыктымал. Мунун себептери көп. Кээ бири күбө жеп кетпесин деп ар кандай порошокторду кийимдердин арасына сээп коюшат. Алыскы мамлекеттерге алып чыгууда материал бузулбасын деп дагы айрым заттарды колдонушат. Бирок уулуу зат табылган Карагандынын дүкөндөрүндөгү кийимдер чыны менен эле Кыргызстандан бардыбы аны такташ керек. Кытайдан келип, анан ошол жакка өткөндүр балким, дароо эле Кыргызстанда өндүрүлгөн деп айтууга эрте.

Марал: Кыргызстанда тигилип сатылган товарлардын технологиясы кандай сакталып жатат, буга көңүл бөлүнүп, көзөмөлгө алынабы?

Төлө Исаков: Ар бир өндүрүшчү өзү чыгарган товарды өзү көзөмөлдөйт. Товарды кандай сактап, кандай экспорт кылары жөнүндө тартиби болушу шарт. Анализден өткөрүү да ишкананын кызыкчылыгы. Тилекке каршы, ЕАЭБ биримдигине киргенден кийин айрым ишканалар бул тартипти сактабай жатат. Анын үстүнө азыр чек аралар ачык болгондуктан көзөмөл болбой жатат.

Марал: Кийимдердеги формальдегид затын толук жок кылыш керекпи же тазалап кайра колдонсо болобу?

Төлө Исаков: Эгер кийимден табылган зат нормадан ашып кеткен болсо аны колдонууга болбойт. Биз бул маалыматты интернет булактарынан көрдүк. Ошонун негизинде текшерүү жүргүзөбүз. Экономика министрлигине кайрылып, балдардын кийимдерин чыгарган компанияны аныктоо зарыл.

Марал: Формальдегид заты тууралуу маалымат берсеңиз, бул кандай зат?

Төлө Исаков: Химиялык уулуу зат, көбүнчө желим буюмдарында, салафанда болот. Кийимдерден табылганынын себеби, күбө жеп кетпеши үчүн ага себилген порошоктун курамында болушу мүмкүн.

Марал: Базарлардагы оюнчактарда дагы ушундай заттар бар экенин угабыз. Аларды көзөмөлдөйсүздөрбү?

Төлө Исаков: Мындан 4-5 жыл мурун биздин базарларда сатылып жаткан оюнчуктардын 80 пайызында формальдегид бар болчу. Ал оюнчуктар Кытайдан келчү. Кыргызстан ЕАЭБдин курамына киргенден кийин, ошондой эле биздин департамент көзөмөлдү күчөтүп, азыр формальдегид заты бар оюнчуктар өлкөгө дээрлик кирбей калды.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache