Шашылыш кабар:

Кадырбеков: Депутаттын кош жарандуулугу жазасыз калбашы керек

Февраль 22nd, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кадырбеков: Депутаттын кош жарандуулугу жазасыз калбашы керек
Күн чекит
0

Казакстанда ири аткезчиликке шектелип камакка алынга Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун кош жарандуулугу бар экенин тастыктаган нотаны Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине жөнөттү. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча парламент депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга ураксат берилбейт.

Биз ушул теманын айланасында Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү, коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков менен «Күн чекитте» маектештик.

Марал: Өлкө мыйзамдары боюнча парламент депутаты болом дегендерге башка өлкөнүн жараны болууга ураксат берилбейт да. Бирок ага карабастан Дамирбек Асылбек уулуна кантип мандат берилип калышы мүмкүн?

Ишенбай Кадырбеков: Муну биринчи кезекте «Кыргызстан» партиясы тизмени түзүп жатканда текшериши керек болчу. Мисалы партия Борбордук шайлоо комиссиясына тизмени берип жатканда андагы талапкерлердин документтерин териштирип, кайсы өлкөнүн жараны экенин тактап туруп өткөрөт.

Экинчиден БШК Ички иштер министрлигине тизмедеги жарандардын соттуулугу барбы, Мамлекеттик каттоо кызматына алардын кош жарандуулугу барбы же жокпу деген суроо-талап жөнөтөт. Тиешелүү мекемелердин берген жообуна жараша анан Боршайком каттоого алат. Бул жигит (ред: Дамирбек Асылбек уулу) бардык текшерүүлөрдөн өткөн экен. Ошонун негизинде БШК аны талапкер катары бекитип койгон. Бул кандайча болгон. Ал биздин мамлекеттик органдардын кандай иштегенин көрсөтүп койду.

Марал: Өлкө мыйзамдарына ылайык эми Дамирбек Асылбек уулу кош жарандуулугун жашырып, парламентке депутат болгону үчүн жооп бериши керек да.

Ишенбай Кадырбеков: Ооба, жооп бериши керек. Бир жагынан чет өлкөнүн жараны биздин парламенттик мамлекетте Жогорку Кеңештин депутаты болуп, бийликте отурганы өзү эле уят болуп жатпайбы. Эми ал дагы жөн жигит эмес экен да. Спортсмен экен. Чет өлкөлөрдө таймаштарга дагы катышыптыр. Бирок кайсы өлкөнүн Кыргызстандын же Казакстандын жараны катары катышып жүргөнү бул дагы белгисиз болуп жатат. Мунун артында көп маселелер бар.

Ушуну орто жолго калтырып койбой аягына чейин иликтеш керек. Ага ким паспорт берген, кандай текшерилген ушунун баарынын аягына чыкпасак Кыргызстан бул оорудан аягы албайбыз. Бардык тиешелүү адамдар, мамлекеттик кызматкерлер жоопко тартылышы керек. Биз коррупция жана башка көйгөйлөрдү айтканыбыз менен жоопкерчилик болбосо анын аягы тыйылбайт.

Марал: Учурдагы парламент депуттарынын арасында дагы кош жарандуулугу бар эл өкүлдөрү аз эмес деген сөздөр айтылып келет. Сиз экс-депутат, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү катары буга окшогон окуяларды жакшы билсеңиз керек. Сиз өзүңүз күбө болгон учурлар дагы барбы?

Ишенбай Кадырбеков: Мындайлар болгон. Мен Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү болуп жүргөндө биз текшерүүлөрдү дагы кылганбыз. Казакстанда төрөлүп Кыргызстанда чоңойгон ушуга окшогон маселелер катталган. Өмүрбек Бабановдун тегерегинде да ушундай сөздөр болгон. Негизи мамлекеттик органдар түз, так иштесе мындай маселелер болбошу керек. Тилекке каршы андай болбой жатпайбы.

Марал: Деги эле саясатчылар кош жарандуулукту эмнеге алышат. Алардын максат-мүдөөсү эмне? Бул боюнча пикириңиз кандай?

Ишенбай Кадырбеков: Менин угушума, ММКлардагы маалыматтарга караганда бул жигит (ред: Дамирбек Асылбек уулу) бизнесмен дагы турбайбы. Анан спортсмен, ишкер болсо Казакстанга көп барып калган го. Ал жактан кыйналбаш үчүн жарандык алып койгон го деген ойлор бар. Эми көпчүлүгү кош жарандуулукту бизнестеги адамдар алып жатат. Алар эки мамлекеттин ортосундагы ишин жеңилдетиш үчүн ушундай жолдорго барат окшойт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache