Шашылыш кабар:

Эхинококкоз оорусу байкатпай жабыркатат

Февраль 22nd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Эхинококкоз оорусу байкатпай жабыркатат
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында эхинококкоз оорусунун алдын алуу жана аны дарылоо жолдору тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Улуттук госпиталдын ичеги-карын жана бездер хирургия бөлүмүнүн башчысы Долон Сакмаматов жана Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мите курттар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Шакеева жооп берди. Ал эми берүүнү Мунара Турдубаева алып барды.

Оорунун кесепети…

Эхинококкоз — адам үчүн өтө коркунучтуу оору. Илдет негизинен боорду жана өпкөнү бузат, эхинококкоз ыйлаакча түрүндө пайда болуп, хирургиялык жол менен гана алынат. Мите курттар ит, мышык, чөө, карышкыр, түлкү ушул сыяктуу жаныбарлардын ичегесинде жашайт. Аталган дарт адамга ушул жаныбарлар аркылуу жугат. Бул жаныбарлар мите курттарды көп алып жүрүшөт. Алардан сырткары, үй жаныбарларында да болот.  Мите курттар 3 айга чейин жумурткаларын чача алат. Алар өзгөчө иттин терисинде бир айга чейин жашашы мүмкүн. Ошондуктан итти сылаган адам колун самын менен жууш керек.

Эхинококкоз оорусу көбөйүүдө…

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча бул оору менен республика боюнча 942 адам жабыркаган. Эхинококкоз менен өзгөчө мал чарбачылыгы менен алектенген жашоочулар көп жабыркоодо. Бул оору барган сайын коркунучтуу болуп бара жатат. Анткени мурдагы 10 жылга караганда дартка чалдыккандардын саны 10-15 эсеге көбөйгөн. Алсак, Ат-Башы, Алай, Кочкор жана Токтогул райондорунда көп кездешүүдө. Бул оору менен бир гана Саламаттыкты сактоо министрлиги эле эмес, айыл, суу чарба министрлиги кошо иштеши зарыл. Анткени эхинококкоз  мамлекеттин көйгөйү. Себеби момолой чычкандар, чөөлөр менен күрөшүү дарыгерлердин колунан келбейт.

Оору дароо байкалбайт…

Оору дароо байкалбайт. Ооруган адамдын башы ооруп, алсырай баштайт. Мында мите курт орто эсеп менен жылына 5 сантиметрге өсөт. Кичинекей ыйлакча (2 мм) 3-4 айда пайда болот да эч кандай белги бербейт. Качан 5 сантиметрдей өсүп, боордун сырткы чел кабыгын кыса баштаганда гана адам саргарып, боору ооруганын сезет. Ага чейин такыр билинбейт.  Эхинококкоздун чоңдору 10-15 сантиметр болот. Эхинококкоз бир камералуу — оору, демек бейтап операциядан кийин оңой эле өзүнө келет. Курт өсүп кетип, күрө тамырларды кысып калса операция оор болот. Айрым учурда дарыгерлердин алы жетпей калууда. Андыктан бейтаптар боорду алмаштырууга муктаж болушат. Адамда боордун 30% соо болсо кадимкидей жашай берет.

Дарт кандын анализинен же УЗИден гана билинет…

Эхинококкоз оорусуна көбүнчө боор чалдыгат. Дарт кандын анализи жана УЗИ аппараттары аркылуу гана аныкталат. Ошондуктан ар бир жаран жок дегенде жылына бир жолу текшерилип турганы оң. Малды союуда тазалык эрежелери сакталбаса да бул оору жугушу мүмкүн. Союлган малдын өпкөсү жаман чыгып калса, аны көмгөндүн ордуна иттерге берип коёбуз. Үч айдан кийин ошол иттин заңы аркылуу мите курттар тарай баштайт. Бул ооруга чалдыгып калбаш үчүн агын сууларды кайнатып ичүү зарыл. Мите курттар сезимтал келип, 60 градустагы температурада өлүп калат. Алар ашказан аркылуу ичегилерге кирип боорго, өпкөгө, мээге жана башка органдарга тарайт.

Илдетке чалдыгуунун алдын алып дары ичсе болот…

Кош бойлуу аялдарда эхинококкоз оорусу табылса 3 айга чейин операция жасалбайт. Себеби бул убакта баланын дене түзүлүшү өөрчүйт. Эгер курт чоң болсо анда 3 айдан же төрөттөн кийин операция жасалат. Алсак, курт 1 см болсо операция кылуунун кереги жок. Ыйлакчаларды дары менен эле дарыласа болот. Эхинококкоз жаш балдарда да кездешет. Жабыркаган бейтаптын үй-бүлө мүчөлөрү да текшерүүдөн өтөт. Өзгөчө айыл жергелерине барганда аталган илдеттин алдын алуу үчүн дарыларды ичсе болот. Ал дарыны мите курту ооздон кирип канга сиңип кеткенге чейинки убакыт аралыгында ичкенде гана жардам берет. Калган убакта пайдасы жок.

Оорунун алдын алуу максатында иттерге дары берилет…

«Тазалык» муниципиалдык ишканасы, ветеринардык кызмат жана башка тийиштүү мекемелер жыл сайын мите курттарга каршы иттерге төрт жолу дары берип турат. Алсак, Бишкек шаардык ветеринардык инспекциянын маалыматы боюнча, быйылкы жылы  80 миң 283 итке дары берилип, «Тазалык» ишканасы тарабынан 11 мин 8 69 ит атылган. Ушундай эле иш чаралар Кыргызстандын башка аймактарында да жасалат. Мындан сырткары, кичи райондордо тушүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache