Шашылыш кабар:

Кайыпов: Тажрыйбасыз судьяларга Жогорку сотко барууга жол ачылды

Февраль 22nd, 2018 | by Бакыт Төрөгелди уулу
Кайыпов: Тажрыйбасыз судьяларга Жогорку сотко барууга жол ачылды
Күн Чабыт
0

Жогорку соттун судьялыгына ат салышып жаткан 46 талапкердин аты-жөнү Сотторду тандоо кеңешинин сайтына жайгаштырылды. Айрым интернет басылмалар талапкерлердин бири Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарованын 2 жылдык гана юридикалык билими бар экенин, ал эми судья болуш үчүн 5 жылдык жогорку билим керек экендигин жазып чыгышты.

Биз «Күн чабыт» программасында соттордун ишмердиги жана Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрү боюнча мурдагы Юстиция министри Марат Кайыпов менен маектештик.

Марал: Жогорку соттун судьялыгына талапкерлигин койгон айрым соттордун билими жетишсиз экени айтылууда. Негизи соттор кандай критерий, талаптар менен тандалып алынышы керек?

Марат Кайыпов: Мурунку бийлик мыйзамдарды өзгөртүп салышкан. Буга чейин Жогорку соттун судьясы болуш үчүн жергиликтүү сотто беш жыл иштеп, тажрыйбасы болушу керек деген талап бар эле. Эгер соттун жергиликтүү сотто беш жылдык иштеген тажрыйбасы жок болсо, анда ал Жогорку сотко талапкерлигин коё алчу эмес. Мисалы ушул шарттардан улам убагында Азимбек Бекназаров Жогорку сотко өтпөй калган. Азыр болсо кесипкөй эмес, тажрыйбасы жок соттор Жогорку сотко бара берсе болот дегенге жол ачылган. Бул мыйзамдын начарлыгы.

Марал: Кээ бир ММКлар Жогорку сотко талапкерлигин койгондордун ичиндеги Бишкек шаардык сотунун судьясы Ирина Воронцова жана Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова өзгөчө көзгө илинерин айтып жатышат. Алар аталган соттор көбүнчө саясий иштерди караганын эске салып, бул боюнча да өзүнчө талаптар болушу керектигин жазгандар жок эмес. Бул пикирге кандай көз караштасыз?

Марат Кайыпов: Саясий же саясий иш эмес деген так аныктоо жок. Сооронбай Шарипович инаугурацида «Сот системасын оңдоп, сот реформасын бүтүрүш керек. Сотторго болгон нааразычылык көп» деген эле. Сооронбай Шарипович мурунку бийликтин ыплас иштеринен алыс болуш үчүн юристтерден, мурунку соттордон турган комиссия түзүп, кайсы иш саясий, кандай иш саясий эмес аныктап алганда болмок.

Кимдер саясий негизде соттолгон дагы, ал эми «мен саясий негизде соттолгом» деп кимдер жөн эле айтып жатат аныктоо зарыл. Эгер ошондо саясий максат менен соттолгондор болсо өзүнүн буйругу менен эле кечирим берип, чыгарып жиберсе болмок. Ошондо президенттин саясий жолу жаңы барак менен башталып калмак. Экинчи жагынан саясатчыларды соттогон судьялардын бардыгы Жогорку соттун судьясы болбош керек дегенге да болбойт.

Марал: Судьялардын кесипкөйлүгү жана аларды электен өткөрүүдө Сотторду тандоо кеңешинин ролу чоң да. Аталган кеңештин мүчөлөрүнүн юридикалык билими жок, өз ишинин адиси эмес деген сындар айтылып келет. Сиздин берген бааңыз кандай?

Марат Кайыпов: Мен башынан эле Сот тандоо кеңешинин мүчөлөрү тандалып жаткан соттордон дагы таза, тажрыйбасы жогору жана адилеттүүлүк сезими алардыкынан да бышык болушу керек деп айтып келе жатам. Башка мамлекеттердин тажрыйбасын карап Сотторду тандоо кеңешине мурда сот болуп, прокурор болуп, адвокат болуп иштеп кеткен ардагер адамдарды алсак болмок. Анан өмүрүндө юридикалык багытта иштеп көрбөгөн жаштарды алып, алар Жогорку соттун, Конституциялык палатанын же сотторду тандаган бул өзү легитимдүү болбой калып жатат. Мыйзамдуу бирок легитимдүү эмес. Ооба, соттор мыйзамдын чегинде тандалды. Иштеп жатышат. Бирок алардын иши эл арасында күмөн жаратууда.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache