Шашылыш кабар:

Э.Иманкожоева: Ысык-Көлгө коттедждер көп зыян келтирет

Февраль 21st, 2018 | by Канай Анаркулов
Э.Иманкожоева: Ысык-Көлгө коттедждер көп зыян келтирет
Күн чекит
0

Бүгүн Жогорку Кеңеш Ысык-Көл жээгинен 300 метрден жакын аралыкка ири курулуштарга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды 2-окууда карады.

Белгилүү болгондой, учурда көлдүн жээгинен 100 метр алыс аралыкка курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Ал курулуштар көлдүн экологиясына зыян келтирип жаткандыктан, мыйзам долбоорунун демилгечилери  аралыкты көбөйтүүнү сунуштап жатышат. Мына ушул теманын алкагында, Жогорку Кеңештин 5-чакырылышынын депутаты Эркингүл Иманкожоева менен маектештик.

Эркингүл айым, жаңылбасак бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында да көтөрүлгөн. Эгер кабыл алынып калса, чындап эле көлдүн экологиясын сактоого таасир эте алабы?

Бул мыйзамды 5-чакырылышта биз караганбыз. Ошондой эле эл өкүлү Максат Сабиров демилгелеп, эки окууда колдоп бергенбиз. Үчүнчү окууга келгенде эмнегедир артка кайтарып алган. Себебин да айткан эмес. Кийин депутат ошол пансионат ээлери, бизнесмендер менен келишип алгандыктан артка кайтарып алды деген кептер да тараган. Негизи бул туура демилге. Анткени көл жээктерине чейин тосуп алышып, эл көлгө эркин түшө албай калган.

Бирок бул жакта андан да чоң көйгөй бар эмеспи. 300 эмес 1000 метр, андан да алыс ашык аралыкта жайгашкан пансионаттардын саркынды суулары чоң көйгөй экени маалым. Анан ушул 300 метр маселени чечеби?

300 метр болсо да бир топ таасирин тийгизет. Көл жээгинен ар кандай курулуштардын алыс эле болгону жакшы. Саркынды суу боюнча чындап эле чоң маселе турат. Өзгөчө Чолпон-Ата, Тамчы аймагында. Негизи чычырканак аркылуу көлдүн өзүн өзү тазалоо касиети бар экени баарыбызга эле маалым. Мына ошону өз чөнтөгүн ойлогон ишкерлер кыйып, талкалап жатат. Бул эң жаман көрүнүш, аны да токтотуш керек.

Мыйзам долбоорун окуп чыксак, капиталдык курулуштарга гана тыюу салынып жаткан экен. Ал эми коттедж сыяктуу майда имараттарды курууга уруксат берилип жатат. Бул канчалык туура?

Коттедждер чоң имараттардан да көбүрөөк зыян алып келет. Анткени алар саркынды сууларды  тазалоочу жай курушпайт. Болгону жерди казып септик кылышат дагы аны бетондобой эле шакекче бетон коюп, түбүн ачык калтырышат. Аны болсо Экотехинспекция текшере албайт. Анан анын баары сиңип, жер аркылуу көлгө кошулат. Чыныбай Акунович да бул маселени көтөрүп жатат. Бирок эмнегедир кеч ойгонду.

Эгер ал талаптар орундалбаса айып пулга жыгуу жагы да каралып жатат. Административдик айып таасирдүү рычаг болуп бере алабы? Себеби ал жактагы курулуштарга карапайым элдин кудурети жетпейт эмеспи. Дегеним кимдер куруп, пайда таап жатканы белгилүү да.

Ошол башкы маселе болуп жатпайбы. Негизи жөнөкөй карапайым эл мыйзамды жакшыраак сактайт. Бизнесмен, олигархтарың акчасына таянып, ошол жол менен маселе чечип калышкан. Мыйзам баарына бирдей болуп, катуу талаптар коюлса, көзөмөл күчтүү болсо анда аткарылат. Аны менен катар көл жээктерин тосмолор менен тороп алган пансионаттарга да тыюу салыш керек. Алар өздөрүнө жерди менчиктештирип алгандай иш алып барып жатышат.

Маегиңизге рахмат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache