Шашылыш кабар:

Мырзаларга кандай белек бериш керек? (Психологдон кеңеш)

Февраль 22nd, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Мырзаларга кандай белек бериш керек? (Психологдон кеңеш)
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзаада Нурбаева менен Гүлзар Акматалиева угармандардын түйшөлткөн суроолоруна жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Жакында 23-февраль. Мырзаларга кандай белек берсек болот?

— Айрым эркектерге жакшы жасалган дасторкон эң сонун белек болот. Бирок бул бардык жигиттер үчүн бирдей эмес. Мисалы, кээ бир мырзалар пайдалуу белектерди жактырат. Айталы, жолдошуңуз колдонуп жүргөн буюму эскирип кетсе, аны жаңыртып койгонуңуз чоң кубаныч тартуулайт. Сөз белек бергенде эмес, көңүл бурууда. Ошондуктан кат алганды жакшы көргөн мырзалар да бар. Жолдошуңуздун туулган күнү же майрамы болгондо белекти өзү тандоосун сунуш кылсаңыз болот. Болбосо кечки тамак уюштуруп, сүрөтүн футболка же бир буюмга түшүрүп берсеңиз болот.

— Жетекчиге кандай белектер ыңгайлуу?

— Жетекчиге келгенде белекти аяр тандоо зарыл. Аларга кийим алып берүү ылайык эмес. Баары официалдуу, олуттуу болууга тийиш. Мисалы, канцеляриялык буюмдар, саат, картина, ваза жана башка…Үйдүн кожоюнуна олуттуу белек бериш керек. Тагыраак айтканда аталар үчүн жаңы нерсе ойлоп табуунун кереги жок. Салтка айланып калса да саат, картина сыяктуу буюмдар ылайыктуу белек.

— Белек тандоодо көп кыйналам. Кандай кеңешиңиз бар?

— Ар бир адамдын өзүнүн жеке сапатына жараша белек тандоо — эң жакшы вариант. Мисалы балык уулоону сүйгөн досуңузду кайырмак сүйүндүрүшү мүмкүн. Чайды жакшы көргөн досуңузду кооз пиала, футболдун фанаты болгон таанышыңызды сүйүктүү командасынын сүрөтү чагылдырылган буюмдар кайдыгер калтырбайт. Сүйлөшүп жүргөн жигитиңизге кол чатыр, моюн орооч, унаасына ар кандай оюнчуктарды, сүрөт үчүн кооз рамка белек кылсаңыз жакшы. Жакын адамдарыңыздын мүнөзүнө, табитине жараша белек берип же муктаждыгын толуктасаңыз болот.

— Сезимтал мырзаларга кандай белек берүү сунушталат?

— Эгер мырзаңыз сезимтал болсо, анда сезимдериңизди ачык айтып, тандаган белегиңиздин маанилүүлүгүн түшүндүрүп, буга чейин жасаган кемчиликтериңиз үчүн кечирим сурап койгонуңуз оң. Жолдошуңуздун сүйүү тилине карап белек бериңиз. Эгер ал убакытка маани берсе аны менен чогуу убакыт өткөрүүгө аракет кылыңыз.  Ошентсе да мырзалар эмоцияларын, белекке болгон реакцияларын көп көрсөтө бербегенин эске алган пайдалуу. Белектин баасына караганда чын жүрөктөн бергениңиз маанилүү. Алардын баасына карап өлчөнүп калышы өлкөнүн экономикалык абалына байланыштуу. Андыктан сизге берилген белекти баасына эмес, анын чын жүрөктөн берилгенине маани бериңиз.

— Акча берген жакшыбы же белек сатып бергенби? 

— Адамдар өзүнө белек берген кишини көбүрөөк жакшы көрөт. Ошондуктан белекти туура бергенди да билиш керек. Психологдордун айтканына караганда, белекти алган кишиге караганда аны берген адам көбүрөөк бактылуу болот. Калифорнияда өткөн симпозиумда белгилүү болгондой, көп белек алган адамдар оңой менен бир нерсеге канааттанбай калат. Майрамдарда белек картасын берип койсоңуз да болот. Бирок ал жансыз белектердин катарын толуктайт. Аларга сулуулук, спорт салондорунун сертификаттары, накталай берилген акчалар мисал болот алат. Чет өлкөдө мындай белектер алыс тааныштарга берилет.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache