Шашылыш кабар:

Жапаров: Жакырчылык менен күрөшкөндөрдүн көпчүлүгү аялдар

Февраль 20th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Жапаров: Жакырчылык менен күрөшкөндөрдүн көпчүлүгү аялдар
бизнес клуб
0

Жакырчылык менен күрөшкөндөрдүн көпчүлүгү аялдар. Бул тууралуу экономист Кубан Жапаров «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Жапаров муктаж жарандарга үстөк пайызы жок күрөөсүз 5 миң сомго чейин каражат берип иштейт. Анын айтымында микрокредттерди колдонгондордун 90% көп балалуу, жалгыз бой аялдар. Социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөндөй, көпчүлүк жарандар орто эсеп менен миң сомдон 3 сиң сомго чейинки каражатка муктаж.

«Азырынча 50 кишиге кызмат көрсөтсөк, алардын 60-70% бутка туруп кетишти. Кардарлардын 90% алган акчаларын кайтарып берүүдө. Микрокредит жакырчылыктан чыгуу жана ишкерлерге киреше табуунун жолу болуп саналат. Бирок тескерисинче кедейлерден акча өндүрүүгө өткөн компаниялар да бар. Ошондуктан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү максатында жаңы бизнес модели иштелип чыгат», -дейт экономист.

Маалыматка ылайык, карыз акчалар жарандардын муктаждыктарына жараша берилет. Акча алган адам пайда жана зыянынан бөлүшөт. Карыздар 6-12 ай аралыгына берилет.

Жапаров белгилегендей, учурда жаңы кызмат киргизилип жатат. Ага ылайык, банктардан насыя алып төлөй албай калгандардын карызы толук төлөнүп берилет. Ал эми пайыз алган жаран кирешесине жараша акырындык менен карызын компанияга төлөй берет. Карызга пайыз кошулбайт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache