Шашылыш кабар:

Ибраев: Контрабанданы товар транзит кылгандар жасап жатат

Февраль 19th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Ибраев: Контрабанданы товар транзит кылгандар жасап жатат
Күн чекит
0

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан депутат Дамирбек Асылбек уулунун Казакстанда кармалышы Кыргызстандагы аткезчилик маселесин көтөрдү. Казакстандын күч органдары 15-16-февраль күндөрү Казакстандын бир катар облустарында чек араларда аткезчилик менен алектенген топторго каршы ири операция өткөргөн. Анда Дамирбек Асылбек уулунан башка дагы кыргыз жарандары болгону аныкталды.

Аткезчиликтин артынан бюджеттеги ири жоготуулар, анын келип чыгуу себептери жана андан арылуунун жолдорун ЖИА Бизнес ассоциациясынын логистика жана бажы комитетинин төрагасы Рамис Ибраев «Күн чекит» программасында айтып берди.

-Кыргызстанда аткезчиликтин айынан жылына бюджет канча каражат жоготуп жатат?

Бюджетке так канча жоготуу алып келип жатканын айта албайм. Анткени аны эч ким караган эмес. Бирок жеке менин пикирим боюнча, Кыргызстандын бюджетине жылына 2 млрд долларга чейин көмүскө экономикадан каражат түшпөйт.  

-Мындай кырдаал аткезчиликтенби же чек арадагы коррупциядан улам катталып жатабы? Себеби ЕАЭБ өлкөлөр ортосунда аткезчилик деген термин толук жоюлган. Дегеле аткезчилик менен коррупциянын айырмасы кандай?

Туура, ЕАЭБ мамлекеттери ортосунда аткезчилик деген термин жоюлган. Өлкөлөр бири-бирибизге эркин соода кылып жатабыз. Товарлар эркин жүгүртүлүүдө. Бир гана ар бир өлкөнүн өзүнүн кошумча нарк салыгы бар. Бул жагынан алганда аткезчилик деп дагы айтууга болбойт.

-Кыргызстандагы контрабанданы жок кылып иштеп кете турган механизм барбы?

Контрабанданы дароо эмес, бирок бара-бара жок кылууга болот. Ал үчүн биринчи кезекте автоматташтырылган системаны киргизүү керек. Ишкерлер менен кызматкерлер ортосунда байланышты өтө төмөн деңгээлге түшүрүү керек. Жалпылап айтканда, төлөмдөрдү автоматташтырганда гана токтойт. Анан албетте, кызматкерлердин үстүнөн жүргүзүлгөн текшерүүнү дагы күчөтүү зарыл.

-Буга бажы кызматынын жана башка кызмат адамдардын аралашканы айтылып жатат. Ошол жерде тартылып алынган тасманы деле көрсөңүз керек… Автоматтык система турса деле дал ушундай көрүнүштөр орун алып жатат. Муну кандай түшүнсө болот?

Бул жерде бир гана бажыны күнөөлүү деген туура эмес. Анткени контрабанда бир гана бажы менен байланыштуу эмес. Эгер товар үчүнчү өлкөдөн кирип жатса, жүк чек ара кызматынан өтүшү мүмкүн. Же салыктар төлөнбөй өткөн товар болушу ыктымал. Ошондуктан бул жерде эки кишинин кызыкчылыгы болушу мүмкүн. Бири алат, экинчиси аны жөнөтүп отурат.

-Ишкерлердин ушундай жол менен товар алып өтүүсүнө шарт түзүлүп калып жатабы?

Бул жерде Кыргызстандын ишкерлерине эч кандай кызыкчылык жок. Бул ишкер үчүн өтө ыңгайсыз. Анткени жүктү сатып жаткан жеринде аны кайдан келгени сөзсүз көргөзүү керек. Ошондуктан биздин ишкерлер буга тартылышкан жок. Бул жерде контрабанданы транзит кылгандар жасап жатышат.

-Бул Кыргызстандын аброюна кандай көлөкө түшүрүп жатат?

Албетте биринчиден Эл аралык деңгээлде Кыргызстандын имиджи түшүп жатат. Мунун  зыяны абдан көп. Бара-бара бул сындуу көрүнүштөр инвесторлордун санын кыскарышына алып келет.

-Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache