Шашылыш кабар:

Алиаскаров: Кулак ооруса ысык баскан болбойт

Февраль 15th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Алиаскаров: Кулак ооруса ысык баскан болбойт
Дабагер
0

«Марал» радиосунун «Дабагер» уктуруусунун бул жолку чыгарылышында кулак мурун оорусунун алдын алуу жана дарылоо жолдору тууралуу сөз кылдык. Суроолорго Улуттук госпиталдын кулак, мурун, тамак жана моюн хирургия бөлүмүнүн дарыгери Бакыт Алиаскаров жооп берди. Ал эми берүүнү Мунара Турдубаева алып барды.

Кулак, мурун, тамак ооруулары көбүнчө кыш мезгилинде күчөйт…

Кулак, мурун оорулары менен  жабыркагандардын саны жыл сайын өсүүдө. Кулак оорусунун түрлөрү бар. Алсак, дарттын курч кармаган түрү суукта шамалдап, үшүп калганда, сасык тумоо өтүшүп кеткенде пайда болот. Ал эми оорунун өнөкөт түрүнө көбүнчө жаш кезинен бери  кулагынан ириң аккандар чалдыгат. Бул дарттарды сакайтууга толук мумкүнчүлүк бар. Анткени кулактын тешигин бүтөгөн операция Кыргызстанда да жасалып жатат.

Ооруну себептери…

Кулак оорусу адам шамалдаганда, катуу сокку алганда, кулак нервинин сезгенишинен же сасык тумоонун өтүшүп кетишинен улам пайда болот. Мындайда бир жуманын ичинде дарылабаса, такыр укпай калышы да мүмкүн. Ошондуктан дароо дарыгерге кайрылып керектүү дарыларды алышы зарыл. Жөнөкөй тил менен айтканда 5-7 күн көп нерсени чечет. Кулак жөндөн-жөн сайгылашпайт. Мындай кырдаалда дарыгерге кайрылыш керек.

Кулак ооруса ысык басуу туура эмес…

Кулак сезгенип ооруса ага ысык басууга болбойт. Ал кулакты ичинен ириңдетип ийиши мүмкүн. Айрым дарыларды көп колдонгондо кулак укпай калат. Ошондуктан дарыларды өлчөмүнөн ашырып колдонуу болбойт. Сөзсүз түрдө дарыгердин кеңеши зарыл. Бул боюнча кулак мурун дарыгерлери көп маалыматка ээ. Эгер маани берилбей, өз алдынча дарыланса же дарыгердин кеңешин укпаса бир ооруну сакайткан менен кулактан ажырап калуу коркунучу бар. Кулакта бүдүр болсо да кычышат. Аны кетирүүгө болот.

Менингит оорусуна кулактагы ириң да себеп болот…

Кулак нервинин сезгенишинен улам ар кандай үндөр угулушу мүмкүн. Андан арылуу абдан оор. Дарыгерлерге кайрылса невропотолог менен кеңешип жардам беришет. Үндөрдүн угулуусу траммадан, катуу соккудан, кан басымдын өзгөрүп кетүүсүнөн улам пайда болот. Ошондой эле, кан айлануу бузулганда да шуулдаган үндөр угулат. Кулактын тарсылдагын бүтөбөсө кулакка суу кирген сайын ириң топтоло берет. Ириң кулакта 3-4 айлап туруп калса мээге өтүп, менингит оорусун пайда кылат.

Гайморитти тештиргендин зыяны жок…

Мурунга көп дары куйган болбойт. Себеби ден соолукка зыян. Алсак, «Нафтизин» сыяктуу дарылар мурундун ичиндеги эттерди өстүрүп ийет. Гайморитти тештиргендин зыяны жок. Аны тештирбесе да оору кармай берет. Анткени ириңди жууп, сыртка алып чыкмайынча мурунду тазалоо кыйын. Гаймориттен толук кутулуу оор. Кээде дарт өзүнөн-өзү айыгып кетиши мүмкүн. Аллергиясы барлар дарыгердин кенеши менен дарыларды ичиш керек. Аллергиядан биротоло арылуу оңой эмес.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache