Шашылыш кабар:

Жамалдинов: Мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча окутууга бюджеттен акча каралган эмес

Февраль 15th, 2018 | by Чолпон Бейшелең кызы
Жамалдинов: Мамлекеттик кызматкерлерди кыргызча окутууга бюджеттен акча каралган эмес
Күн чекит
0

Экономика министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик тилди бюджеттин эсебинен үйрөнмөй болду. Ага жалпысынан 324 миң сом жумшалат. Ал арада тендер аяктабай жатып, министрликтин өкүлдөрү кайсы мекеме кызматкерлерге сабак өтөрүн жарыялады. Бирок алдын ала маалыматтарга караганда аталган мекеме тендерге катышуу үчүн документтерин тапшырган эмес. Дегеле мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттин эсебинен кыргыз тилин үйрөнүү керекпи?  Бул маселенин мыйзамдык жана моралдык жагын Жогорку Кеңештин «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов менен «Күн чекит» программасында талкууладык.

Экономика министрлигинде  кыргыз тилин мамлекеттин эсебинен окутуу демилгеси коомчулуктун сынына кабылды. Эгер ал кызматкерлер тийиштүү деңгээлде билбеген болсо, аларды мамлекет окутууга милдеттүүбү? Мыйзамдык жана моралдык жагы кандай?

Чындыгында мамлекеттик мекемелерге мамлекеттик тилди окутуу боюнча бюджеттен атайын акча каралган эмес.  Ал эми өкмөт ноябрь айында атайын токтом кабыл алган. Анда мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик тилди март айына чейин билүүсү милдеттендирилген.  Азыр март айы келип калды.  Булар эми үйрөнөбүз деп жатканы кандай? Түшүнбөй турам… Экинчиден тилди мамлекеттин эсебинен үйрөнөбүз  деген туура эмес. Бүгүнкү күнү тил үйрөтүү боюнча түрдүү курстар бар. Эгер мамлекеттик кызматкер аларды үйрөнөм десе өз чөнтөгүнөн окуп билим алышы керек. Ошондуктан бюджеттен тилди үйрөтүү боюнча эч кандай акча каражаты каралган эмес.

-Эгер мыйзамсыз болсо, кеткен чыгымдарды ким толуктап бериши керек?

Кеткен чыгымдарды тендер жарыялаган аткаминерлерден өндүрүш керек. Тийиштүү адамдар сөзсүз түрдө жоопкерчиликти тартуусу тийиш.

-Бүгүнкү күнү Кыргызстанда мамлекеттик тилди билүүнүн маанилүүлүгү кайсы орунда турат?

Биз өзүбүз кыргыз болгондон кийин эне тилибизди билүүбүз керек. Биз өзүбүз билбей, сүйлөбөсөк бизге сырттан бирөө келип жардам бермек беле. Ошондуктан ар бирибиз мекенчил болуп, мамлекеттик тилибизди билип, ошол аркылуу иш аткарышыбыз керек. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күнү андай деңгээл жок.  Чынын айтканда министрлер, анын орун басарлары Жогорку Кеңешке келгенде расмий тилде даярданып алыптырбыз деп ошол боюнча маалымат беришет. Ушул дүйшөмбү күнү комитет жыйынына мындай окуя кайталанды. Бирок  биз кабыл алган жокпуз.

-Жеке сиздин баамыңызда кыргыз тилин үйрөнүүгө канча сом кетет?

Мен ага кызыгып көрбөптүрмүн. Бирок кыргыз тилин үйрөнөт элем деп бюджеттен акча бөлдүргөн  мыйзамга таптакыр туура келбейт. Кыргызстанга келген чет өлкөлүк жарандар деле өз чөнтөгүнөн төлөп кыргыз тилин үйрөнүп жатпайбы. Ал эми биз эмне үчүн мамлекеттин эсебинен каражат бөлүп беришибиз керек?!

Маегиңизге рахмат!

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache