Шашылыш кабар:

Сүйүүмдү кантип туура билдирсем болот? (Психологдон кеңеш)

Февраль 14th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Сүйүүмдү кантип туура билдирсем болот? (Психологдон кеңеш)
Психолог сааты
0

«Марал» радиосу ар жуманын шаршемби күнү саат 16:00 «Психолог сааты» уктуруусун обого чыгарат. Анда Кыргызстандагы абройлуу «SEAR Psychology» психологиялык борборунун адистери Нурзада Нурбаева менен Нурзат Айтпай угармандарды түйшөлткөн суроолорго жооп берет. Төмөндө сиздерге бул чыгарылыштагы суроолорго карата психологдун кеңешин сунуштайбыз.

— Сүйүүмдү кантип туура билдирсем болот?

— Адамдар сүйүүсүн ар кандай стилде билдирет. Кимдир бирөөнүн үй-бүлөсү түбөлүк болуп, айрымдардын турмушу бир нече айдан соң бузулуп калганынын себеби да ушунда. Анткени үй-бүлөсүн узак сактаган түгөйлөр бири-бири менен сүйүүнүн тилинде сүйлөшкөндү билишет. Сиз да сүйүктүүңүз менен туура тилди тандап алыңыз. Алсак, сүйүүнүн бир нече тили бар. Алардын жардамы менен үй-бүлөдөгү мамиле узакка сакталат. Жада калса бузулуу жолуна түшкөн нике да калыбына келиши мүмкүн. Башкысы сиз жактырган адам сүйүүнүн кайсыл тилин түшүнөөрүн тактап алыңыз.

— Сүйүүнүн тилдери кандай?

— Сүйүүнүн биринчи тили — колдоо көрсөтүү

«Мен сени түшүнөм», «сага кантип жардам берсем?..» Үй-бүлөдө колдонулган бул сөздөрдүн сыйкырдуу күчүн баары эле биле бербейт. Жагымдуу сөздөр менен сүйүүңүздү далилдеп, сүйүктүүңүзгө кубаныч тартууласаңыз болот. Ал эми талап коюу менен жактырган адамыбызды өзүбүздөн алыстатып алаарыбыз шексиз. Сүйүктүүңүзгө сураныч менен кайрылып, анын сиз үчүн баалуу экенин билдире аласыз.

Сүйүүнүн экинчи тили — убакыт бөлүү

Сүйүктүүңүздүн жанында өткөргөн мүнөттөр кымбат. 20 мүнөт сүйлөшүп жанында отуруу менен ага 20 мүнөт өмүр белек кылган болосуз. Түгөйлөрдүн бири-бирине көңүл буруп, сейилдөөсү «убакыт» деп аталган сүйүү тили. Убактыңызды сүйүктүүңүзгө тартуулоо менен сезимдериңизди чагылдырасыз. Мисалы, кечинде жакшы көргөн сериалыңызды көрүүнүн ордуна сүйүктүүңүз менен сүйлөшүү туура.

Сүйүүнүн үчүнчү тили — белек берүү

Белек бекеринен сүйүүнүн символу деп аталбайт. Анын маанисин билген адам сүйүктүүсүнө тез-тез белек тартуулап турууну унутпайт. Анткени эстеген адамдарга көп көңүл бурабыз. Ага канча акча коротконуңуз маанилүү эмес. Негизгиси, сиздин ал адам тууралуу ойлогонуңуз. Сүйүүнүн бул тилин баалаган адам үчүн белек — акча чогултуудан да кымбат нерсе. Ошондуктан акчаны банкка эмес, сүйүүгө чогултуңуз, бул эң ишенимдүү жол.

Сүйүүнүн төртүнчү тили — жардамдашуу 

Сүйүктүүңүзгө жардам бергениңиз. Анын жашоосун жеңилдеткениңиз, ага жагымдуулук тартуулоого жасаган аракетиңиз. Мындай аракет менен ортодогу мамилени бийик бааларыңызды сездире аласыз. Жумуштан чарчап келсеңиз да бул нерсеге аз болсо да убактыңызды бөлүп коюңуз. Көмөк көрсөтүү сүйүүңүздү билдирүүнүн жолу экенин унутпаңыз.

— Ата-энелер менен балдардын ортосундагы сүйүү кандай болуш керек?

— Апаларга белек бериш үчүн жалаң 8-мартты күтпөш керек. Белек берип, сезимдерди билдирүү үчүн белгилүү убакытты күтүүнүн кереги жок. Ал эми балдарыңыздан сүйүүңүздү жашырбаңыз. Аларды мектепке жөнөтөөрдө кучактап коюңуз. Ошол эле учурда окуудан келсе кучак жайып тосуп алыныз. Күн сайын жок дегенде 10-15 жол кучагыңызга алып эркелетиш керек. Алар баланын өз ишенимине таасир берет. Сезимдерди бир гана сөз менен айтууда да адамдын физиологиясында өзгөрүүлөр болот. Ошондуктан балаңызды бооруңузга кысканда бактылуулук гормондору бөлүнүп чыгат. Бул гормондор көп бөлүнүн чыгышын кааласак, сезимдерди айтып туруу зарыл.

— Балдарыбызга жакшы көрөөрүбүздү кантип билдирсек болот?

— Балага болгон сүйүү кандай экенин наристелүү болгондор дагы да жакшы түшүнөт. Жубайлар бири-бирине болгон урмат-сыйды баланын көзүнчө көрсөткөнгө аракет кылганы оң. Ата-энелердин бири-бирин мактап, жөлөк болушканы балдарынын эмоционалдык абалына жакшы таасир берет. Үй-бүлө коомдун эң кичине бирдиги экенин унутпаңыз. Балдарыңызды жакшы көргөнүңүздү сөз менен да, кыймыл-аракет менен да билдириңиз. Жакшы сөз тартуулагандан өзүңүздү чектебеңиз. Өз колуңуз менен белек даярдап бериңиз. Уул же кызыңыз менен сыймыктанаарыңызды, чогуу убакыт өткөргөн сиз үчүн бакыт экенин сездириңиз. Бирөөнү шарт койбой сүйүү өтө маанилүү. Аны да үйрөтүңүз.

— Уулум 13 жашта. Эч нерсеге кызыкпай жатат. Кандай кеңешиңиз бар?

— Балдар 13 жашында өспүрүм чакта болот. Ал убакта сезимдери бат иштейт. 17 жашка чейин эч нерсеге кызыкпай жатса адиске кайрылыңыз. Уулуңуз уктаганда, тамактанууда, достору менен ойноодо өзгөчөлүктөр байкалса депрессиялык абал жаралышы мүмкүн. 2000-жылдан кийин төрөлгөн балдар назик болушат. Байкасаңыздар дароо капаланып калышат. Азыркы өспүрүмдөргө жакшы сөздөрдү айтып, мактап турган оң. Баланын туура иш аракеттерин белгилеп, кубантып койсоңуз өзүңүзгө да жагымдуу болот. Өспүрүмдөргө «ишти жаман аткарыпсың» дегендин ордуна «бул ишти башкача кылганыңда жакшы болмок» десеңиз андан да мыкты деңгээлде аткарууга  шашат.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache