Шашылыш кабар:

Микаэль Ру: Франциялык компания Токтогул ГЭСин жаңылоого келишим түздү

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Микаэль Ру: Франциялык компания Токтогул ГЭСин жаңылоого келишим түздү
дүйнө дүбүртү
0

Франциянын “Сюгден” компаниясы Кайыңды-Кант заводуна 55 млн долларлык инвестиция жасаганы турат. Мындан сырткары дагы бир франциялык ири компания 104 млн долларга Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Франциянын Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, Микаэль Ру элчилик кызматка дайындалгандан бери Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги менен биргеликте Кыргызстандын артыкчылыктарын таанытып, инвестиция тартуу максатында Алматы, Москва жана Парижде франциялык ишкерлер менен жолугушууларды уюштурушкан.

Элчи мунун арты менен былтыркы президенттик шайлоодон кийин Франциядан келген ири делегация премьер-министр менен жолугуп сүйлөшкөнүн белгиледи.

Микаэль Рунун айтымында, экс-президент Алмазбек Атамбаев элчилерге сыйлык тапшырып жатып Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча сунушун берген.

«Көчмөндөр оюну бир гана спорт оюну эмес. Бул иш-чарада өлкө маданиятын, Кыргызстан тууралуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ага кошумча horse ball оюнун уюштурууну да каалар элем. Себеби көчмөндөрдүн уникалдуу маданиятын бүткүл дүйнөгө көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлмөк»,— дейт элчи.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache