Шашылыш кабар:

Бишкекте күзөт кызматынын взвод командири нашаа менен кармалды

Февраль 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
Бишкекте күзөт кызматынын взвод командири нашаа менен кармалды
Кыска кабар
0

Бишкекте Ленин райондук күзөт кызматынын взвод командири Б.О. баңгизаттарга байланышкан кылмышка шектүү катарында 438 грамм нашаа менен кармалды. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, милиция кызматкери 9-февралда борбор калаанын 6-кичи районундагы өзү жашаган үйүнүн жанында кармалган.

ИИМ билдиргендей, кармоо убагында калыс күбөлөрдүн катышуусундагы текшерүүдө Б.О. кийип жүргөн кызматтык кийиминин ички сол чөнтөгүнөн 30 даана күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар баңгизат алынган. Алынган заттар министрликтин 9-февралындагы № 22 химиялык изилдөө жөнүндөгү аныктамасына ылайык, таза салмагы 442,61 граммды түзгөн гашиш баңгизаты экендиги аныкталган.

Көрсөтүлгөн кылмышка шектүү катары анын артынан дагы эки киши кармалган.

Аталган материалдар ИИМде 47 сандуу номуру менен катталып, факты боюнча Тергөө комитети тарабынан 50-18-47 сандуу кылмыш иши козголгон.

Добавить комментарий