Шашылыш кабар:

С.Исаков Алга айылында 4 баланы жалгыз өстүрүп жаткан энеден кабар алды

Февраль 13th, 2018 | by Субанбек Исмакеев
С.Исаков Алга айылында 4 баланы жалгыз өстүрүп жаткан энеден кабар алды
Кыска кабар
0

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 13-февралда, Баткен облусуна барган жумушчу сапарынын алкагында Кадамжай районунун Алга айылында жашаган Тазагүл Мамытованын үй-бүлөсүнөн кабар алды.

Учурда Тазагүл Мамытова жашы жете элек төрт баланы тарбиялоодо, анын эң кичүүсү 4 жашта. Анын жолдошу, чабандык кесипти аркалаган Акыл Зулпуев 2014-жылы каза болгон. 2016-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан бул үй-бүлө үчүн 2 бөлмөлүү үй курулуп берилген.

Сапар Исаков үй-бүлөгө материалдык көмөк көрсөтүп, тийиштүү мамлекеттик органдарга аталган үй-бүлөнүн социалдык маселелерин чечүүдө көмөк көрсөтүү тапшырмасын берди.

Добавить комментарий