Шашылыш кабар:

Жеңиш Ысманов: Кыргыздын атын чыгарганым-өлкөгө кошкон салымым

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Жеңиш Ысманов: Кыргыздын атын чыгарганым-өлкөгө кошкон салымым
Радио желе
0

“Марал” радиосунун “Радио желе” программасынын кезектеги коногу вокалисттердин эл аралык конкурстарынын бир нече жолку лауреаты, Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын жана дүйнөгө белгилүү ырчы Лучианно Павароттиге арналган PAVAROTTI D’ORO сыйлыгынын ээси, Италия жана Европанын белгилүү театрларында эмгектенип келе жаткан опера ырчысы Жеңиш Ысманов болду. Кыргыздын маданиятын дүйнө жүзүнө тааныткан мекендешибиз чыгармачылык жолундагы кызыктуу учурлар тууралуу маек куруп, ырдап берди.

Убакыт болсо эле Кыргызстанга шашам…

1984-жылы 20-майда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кулатов айылында төрөлдүм. Алгач сахнага 2000-жылы чыккам. Кыргыз улуттук консерваториясынан билим алдым. Учурда бир уулдун атасымын, келинчегим кыргыз (күлүп). Тамактардан ашты жакшы жасайм. Футбол ойногонду жактырам. Тогуз жылдан бери Италияда жашайм. Чет жерде жүргөндө туулган жерди сагынасың. Убакыт болсо эле Кыргызстанга шашам. Быйыл да кышкы суукту көрүп калдым. Бирок ата-эне, бир туугандарды көргөндү унутуп калат экенсиң. Башында кыйынчылык болду, бирок чыдадым. Европада баары жат. Маданият, када-салт, эли жана башка дегендей, ошондуктан толук көнүп калдым деп айта албайм.

Италиялык калыс үнүмдү баалап, мени окутууга макул болгон…

Л.Павароттинин ырын укканда эле Италияга барууну максат кылдым. Операны тандадым. Орто Азия, Орусия мамлекеттеринде өткөн сынактарга катышып өзүмдү таптап жүрдүм. Орусияда өткөн сынакта Италиядан келген калыстардан бирөө атайын жолугуп каалоо-тилегин айтып, “жакшы үнүң бар экен” деди. Жеңүүчү аталганымда кайра келип, биринчиден да өзгөчө мамиле кылды. Ошол жерден дароо кармадым да, Италияга баруу чоң максатым экенин айттым. Ошентип тилегим ишке ашып, Италияга барып агайдан сабак алмай болдум. Кыргыз өкмөтү окуумду колдоп берди. Италияга 2009-жылы кеттим. Тилегим орундалганына кубанып, кыйынчылыктарга чыдап, жүктү таштап качпадым. Кыргызстанда жүрүп итальян тилинин грамматикасын окуганым көп пайдасын берди.

Чет жакта жүрсөм да кыргыздын атын чыгарганым – өлкөгө кошкон салымым…

Дүйнө сахналарында айырмачылыктар болот. Айрымдар «Италияда жүрө бербей Кыргызстанга келип мекенчил болбойсуңбу» дешет. Чет жакта жүрсөм да кыргыздын атын чыгарганым – өлкөгө кошкон салымым. Туулган жеримде жүрүп эч бир пайдам тийбесе мекенчилдигим кайда? Кыргыз элине ак кызмат кылуу менен да мекенчил боло алабыз. Алдыда тажрыйбамды өстүргүм келет. Күн сайын ырдап турбасаң үнүң жоголуп калышы мүмкүн. Негизи кайсыл кесипте болбосун изденгендер ийгиликке жетишет.

Италиялык коноктор биздин этти өзгөчө жактырышты…

Кыргызстанда 2017-жылы отчеттук концертимди бердим. Анда Италиядан келген коноктор Кыргызстанды көрүп кубанып кетишти. Алар бизди цивилизациядан алысыраак, өлкөдө бак-дарактары жок мамлекет деп элестетишкен окшойт. Келген меймандарга жакшы жерлерди көргөзгөнү аракет кылдык. Алар биздин мөмө-жеиштерди, өзгөчө этти жактырышты. Италия менен Кыргызстандын оркестрин салыштырсак, биздин музыканттар ийкемдүү. Жоктон бар кылып турушат. Ал үчүн таазим кылыш керек.

Үнүмдү Лучиано Паварроттинин үнүнө окшотушат…

Дүйнөгө белгилүү ырчы Лучано Паварротти атындагы сыйлык мен үчүн күтүүсүз болду. Мени 2015-жылы концертке келип ырдап бер деп чакырышкан. Көрсө ошол жылы эксклюзивдүү сыйлык чыгарышкан экен. Бирок мен бара албай калдым. 2016-жылы кайра чакырышты. Барсам концерт бүткөндөн кийин мага сыйлык ыйгарышты. Лучано Паварроттинин аялы менин үнүмдү жолдошунун үнүнө окшотоорун айткан. Менин үнүмдү аябай жакшы көрүшөт. Концерттерде каалоо-тилектерин айтып келишет. Италиянын эки шаарында жеке концертимди берүүгө жетиштим.

Италияда Калый Молдобасановдун “Селкиге” аттуу чыгармасын аткаргам…

Опера кыргыздардыкы эмес деп таштап койгондун ордуна башка мамлекеттер менен теңтайлашкан оң. Чет элдик сахнада көрүүчүлөр суранганынан бир жолу Калый Молдобасановдун “Селкиге” атту чыгармасын аткарып бердим. Сахнадан ырдап жатканда айырмалап, башка улуттун ырчысы итальян тилинде ырдап жатканына таң калышат. Сөздөрдү  тунук айтып, жеткире ырдаганымды айтышат. Конокто жүргөндө, радиолордо ырдаганга караганда сахнада ырдаган жеңил.

Жаш кадрлардын сыртка чыгып жатканы жакшы эле көрүнүш…

Жаш кадрлардын сыртка чыгып жатканы жакшы эле көрүнүш. Кайра Кыргызстанга келип, тажрыйбалары менен бөлүшүп турат. Казакстанды алсак, алар чыгармачыл инсандарын чет мамлекеттен окутууну 2000-жылдары баштаган. Азыр эми түшүмүн ала башташты.  Кыргызстанда маданиятты жогорулатыш керек. Жүрөктү ооруткан көйгөйлүү маселелер көп. Эл тарбияланган сайын маданият өнүгөт. Кыргызстанга качан көчүп келээрим белгисиз. Ошентсе да өлкөгө салым кошуунун үстүндө иштеп жатам.

Добавить комментарий