Шашылыш кабар:

Мукар Чолпонбаев: Тергөө органдарын ИИМден ажыратуу кажет

Февраль 13th, 2018 | by Айжамал Худайбердиева
Мукар Чолпонбаев: Тергөө органдарын ИИМден ажыратуу кажет
Айлампа
0

Кыргыз Реcпубликасынын эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев «Марал» радиосунун “Айлампа” программасында болуп, Сот системасынын күңгөй-тескейи тууралуу пикирлерин  билдирди.

Жогорку сот бирдей ишке эки башка чечим чыгаруудан алыс болсун…

Биз сотторду эле күнөөлөп келебиз. Эң ириде кептин баары Жогорку соттун өзүндө. Анткени ал соттук тажрыйбаны калыбына келтире турган эң жогорку орган болуп эсептелет. Эгер бирдей эле ишти Жогорку сот эки башка чече турган болсо, жергиликтүү соттор аларды карап отуруп “муну тигиндей чечсең да, мындай чечсең да туура эмес болот экен, мен билгенимдей кыла берем” дейт. Азыр мына ошонун жыйынтыгы чыгып жатат.

Соттор фракцияларга көз каранды болбой тандалсын…

Сотторду тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн 10% гана юристтер. Сот, тергөө системасында иштеп, бир жолу да кылмыш ишин колуна кармап көрбөсө кантип сотторду тандайт? Бул — өзү парадокс. Бул кеңешке депутаттарга көз каранды адамдар келгенден кийин сотторду да фракцияларга көз каранды кылып тандап берип жатышат. Анткени биз да катышып жатканда сотторго ким, кандай баа берип жатканын, алар кантип эсептелип жатканын көрүп турабыз. Мисалы, бир райондо 5 жумуш орду болсо, президентке сот болом деген 8 талапкердин аты-жөнүн  берет. Ал эми президент эң аягындагысын кызматка коюп коёт. Алдыдагы билимдүү, тажрыйбасы бар адамдар тандоодон өтпөй калууда.

Жогорку сотту эки баскычка бөлүш керек…

Советтик системадан калган бир топ парадокс бар. Жогорку соттун атынан чечимди коллегия чыгарат. Ал эми коллегияда үч киши бар. Ошондуктан Жогорку сотту экиге бөлүш керек. Бул боюнча сунуштарыбызды айтканбыз. Акыркы баскыч Жогорку соттун президиуму болушу керек. Президиум Жогорку соттун атынан чыгарса, соттук коллегиялар коллегиянын атынан чечим чыгарат. Коллегиянын чечимин президиумга алып барып, арызданганга мүмкүнчүлүк түзүп коюуга болот.

Соттор элге жеткиликтүү болушу зарыл…

Дагы бир көйгөйлүү маселе, эл сотторго кире албай калды. Болбосо мыйзамда соттор баарына жеткиликтүү болуш керектиги жазылган. Бирок бизде андай мүмкүнчүлүк жок. Биринчиден, соттордун баары кайтарылат. Аларга кирип-чыгуу мүмкүн эмес. Экинчиден, жарандар мамлекеттик  алымды төлөмөйүнчө сотторго арыз бере албайт. Бизде калктын 60% жакыр абалда жашап жаткандыктан сотторго кантип арыз берет? Ошондуктан  соттордо жарандык арыздар боюнча иштер азайып кетти.

Тергөө органдарын ИИМден ажыратуу кажет…

Тергөө органдарын ИИМден ажыратыш керек. Себеби оперативдүү кызматкер менен тергөө органдары бир органга баш ийип калганда, оперативдик кызматкер эмнени жасаса тергөөчү ошонун баарын жазат. Демек тергөөчү оперативдүү кызматкерге көз каранды болуп калат. Ал эми тергөөчү айыпкерди жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгаргандан кийин прокурор аны буза албай калат. Эгер маалыматтарды бузса анда прокурор акча алган болуп эсептелет. Ал иш ошол бойдон сотко барат. Демек сот дагы, тергөөчү дагы, прокурор дагы оперативдүү кызматкерге көз каранды болуп калган. Системанын бузулганынын баары ушул багытта жатат.

Прокурорго 10 күнгө санкцияга уруксат бериш керек…

Оперативдүү кызматкер кылмыштын курамын кандай аныктаса тергөөчү ошондой жазат. Иш жүзүндө ал курам бар же жогун аныктабайт. Тергөөчү, айыпкерди жоопко тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Сот тергөөчү берген маалыматты текшерүүгө укугу жок. Айыбы кандай жазылса, ошол бойдон чечим чыгарат. Анан кайдагы адилеттүүлүк? Булардын баарын бөлүш керек. Экинчиден прокурорго 10 күнгө санкцияга уруксат бериш керек. Камакка алаарда санкцияга 10 күндөн кийин барса сот алдын — ала күнөөсүн аныктап берсе иш жүрмөк.

Кылмыш-жаза кодекси так түзүлүшү абзел…

Кылмыш-жаза кодексинде коррупция менен кармалгандар акчалай айып пул төлөөрү же 5 жылга чейин жазаланаары жазылган. Демек, ал жерде “жесе арзан, жебесе кымбат болот” дегендей айтылып калган. Алсак, Американын кылмыш-жаза кодексинде кайсыл ишке канча жыл жаза берилээри толук көрсөтүлгөн. Эмне үчүн бизде да ошентип мыйзам чегинде бөлүп коюуга болбосун? Мыйзамдар так болбосо азыраак жаза берилип калышы мүмкүн.

Сотторго жоопкерчиликти күчөтүү зарыл…

Сотторду ким дайындаганы маселени чечпейт. Кеп сотторду ким жана эмне үчүн кызматтан алгандыгында.  Бул дагы өтө так жана айкын жазылышы зарыл. Сотторду жөнсүз кызматтан алуу же ротация кылууга мүмкүнчүлүк бербеш керек. Андан сырткары, соттордун материалдык жагын карап, жоопкерчилигин күчөтүш керек. Жыргап иштегиси келсе, анда таза иштешин талап кылуу зарыл. Мыйзамсыз иштер менен кармалган сотту кызматтан алгандан кийин соттук макамынан, социалдык женилдиктерден, пенсиядан ажыратыш керек. Сотко, прокурорго, тергөөчүгө жана имамга өтө оор жаза колдонулууран ачык көрсөтүп койсо, соттор ак иштеп берет.

Жогорку сотту оңдоо убагы келди…

Соттор мыйзамга карап чечим чыгарат. Жогорку даражадагы соттор ылдыйкылардын чечимдерин жокко чыгарып жаткан жерде бир-эки маанилүү маселе бар. Бирөөсү бул – соттук жаңылыштык. Ал болушу мүмкүн. Буга сот жоопкерчилик албайт. Ал эми экинчиси, атайын чыгарылган чечимдер. Кээ бир иштер Жогорку сотко  3-4 жолу барып келген жагдайлар бар. Жогорку сотто баарына окшош мамиле кылып, бирдей сот тажрыйбасын түзө албагандан кийин төмөнкү сотторду да, тергөөчүлөрдү да күнөөлөгө мүмкүн эмес. Демек, кептин баары Жогорку сотту оңдоодо жатат.

Жалпы тартиптеги колонияларды түзүү замандын талабы…

Мындан сырткары, билим деңгээли төмөн прокурорлор астындагыларга буйрук берип коёт. Муну менен сотто аныктоо жок болуп калууда. Кыргызстанда жалпы тартиптеги колониянын жоктугу ири кемчиликтердин бири. Колониялардын бирин жалпы тартипке которуп коюу зарыл. Жеңил жана оор эмес кылмыш менен жаза алгандарды жалпы тартиптеги колонияларга жиберсе болмок. Андай жок болгондуктан кылмышкерлердин баары жатак абагына кетет. Андан кийинкилер күчөтүлгөн тартипке кетип, баары аралашууга аргасыз.

Сот процессин үзгүлтүккө учураткан адамдарды жоопко тартуу механизмин так аныкташ керек…

Кылмыш ишти козгоодон баш тартуу жөнүндөгү мыйзамда тергөөчү материал келип түшкөндөн кийин маалыматта кылмыштын курамын карайт. Эгер жок болсо, кылмышты козгоо жөнүндөгү токтомду чыгаруудан баш тартат. Ал эми жабырлануучу арызданып барса, прокурор чыгарган токтомун жокко чыгарат дагы ишти кайра текшерүүгө жиберет. Мына ошентип 10-15 жолу улантылган иштер бар. Тергөөчү ишти токтотот, ал эми прокурор ишти кайра жандандыруу боюнча көрсөтмө бере берет. Бирок кылмыш иши козголбой тура берет. Андыктан прокурор кылмыш ишинен баш тартуу жөнүндөгү токтомду экинчи жолу жокко чыгара турган болсо, түздөн-түз кылмыш ишин козгоого жатаарын мыйзамга киргизиш керек. Сот процессин үзгүлтүккө учураткан адамдарды жоопко тартуу механизми так аныкталган эмес. Сотко күбөлөрдү алып келүү иши прокурорго эмес тергөөчүгө берилип калган. Мунун баары туңгуюкка алып барууда.

Сотторго караганда бүгүнкү күндө УКМКнын милдети көп болуп жатат…

УКМКнын ичинде укук бузуулар өзгөчө көп болуп жатат. Массалык укук бузуулар, бийликти басып алууга болгон аракеттер боюнча кылмыш иши козголсо аны жашыруун кармоонун зарылчылыгы жок. Ишти кароого келгенде “бул мамлекеттик жашыруун сыр болуп калышы мүмкүн, эгер сыртка чыгарсаңар жоопко тартыласыңар” деп бардык прокурор, жактоочуларга кол койдуруп алып, жашыруун тергөө жөнүндө токтом чыгарып коёт. Ошону менен тергөөчү эмне кылып жатканын эч ким билбейт, бирөөгө айтууга укугу жок. Мындай нерсени бийликтегилер да, соттор да көрүп турат. Бирок ошону жасап жатышат. Демек, сотторго караганда бүгүнкү күндө УКМКнын милдети көп болууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн аппаратыннын ичинен баштаса жакшы болмок…

Президенттин аппаратындагы соттордун үстүнөн көзөмөл жүргүзгөн бөлүмдүн кызматкерлеринен түздөн-түз сотторго “баланча ишти бул тарапка чечип коёсуң” дегендей  телефон чалуулар болоору айтылып келет. Бул Ак үйдүн ичинен чыгып жаткан маселе болгондуктан соттор бир жолу алардын айтканын аткарып, мыйзамды буза турган болсо, анда экинчи-үчүнчү жолу өзүнүн кызыкчылыгы үчүн андан ары мыйзамды буза бериши анык иш. Муну моюнга алыш керек. Себеби тажрыйбада болгон нерсе. Ошондуктан президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү өзүнүн аппаратынын ичинен баштаса жакшы болмок. Президент Сооронбай Жээнбеков жумушун коррупцияга каршы күрөшүүдөн баштаганы кубантып, келечектен үмүт арттырат. Коррупцияга каршы күрөшүүнү эл өзү да колдойт.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache