Шашылыш кабар:

Журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголду

Февраль 13th, 2018 | by Бахар Хакимова
Журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголду
Кыска кабар
0

Журналист Элнура Алкановага кылмыш иши козголгонун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы билдирди.

Ага «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алуу» жана 194-берене — «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча айып тагылууда.

Жакында эле Элнура Алканова БТА банкындагы жашыруун маалыматтын ачыкка чыгышы боюнча кылмыш ишинде күбө катары суракка чакырылган.

Журналисттин адвокаты билдиргендей, Алкановага айыбы угузулду.

Эске салсак, журналист Элнура Алканова мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин улутташтырылган коттеждери боюнча иликтөө жүргүзгөн. Ал коттедждердин сатылышына өкмөт башчынын дагы аты аралашып жатканын өз иликтөөсүнө камтыган.

Бирок, Башкы прокуратура «Идеал Хаустун» сатылышына жана анын айланасындагы иштерге Исаковдун тиешеси жок деген бүтүм чыгарып, коттедждердин сатылышы боюнча иш козгогон.

Comments are closed.

Марал Радиосу cможет принять любую посещаемость благодаря кешированию WP Super Cache